Келбетиңизге терс таасир берген 15 адат кайсылар?

Кайсы гана жашта болбойлу биздин өң-келбетибиз генетикага байланыштуу. Бирок бул жалгыз фактор эмес-биз өзүбүз картаюу процессинин тездешине таасир беришибиз мүмкүн.

Сиздин жаштыгыңызды уурдаган адаттар:

1. Чачты тасырайта байлап алуу

Чачты катуу тартып байлап алуу чачтын түшүшүнө жана артка тартылып таз болуп калуу коркунучуна алып келет. Чачты сактап калуу үчүн чачты катуу тартпай, түрлөнтүп түйүп алуу керек.

2.Сүт көп ичсеңиз

Такыр эле сүт ичпей коюу керек эмес. Бирок терс таасирлери туурасында да билип жүрүү керек. Сүттүн курамында андроген заты бар. Ал май бездеринин активдүү иштөөсүнө алып келет. Жыйынтыгында тери ашыкча май бөлүп чыгат. Андан теридеги тешикчелер жабылып, терини чарчаңкы жана майлуу кылып көрсөтөт.

3. Күндөн коргоочу май

Көптөгөн аялдар күндөн коргоочу кремди жыл сайын сүйкөп көнүп калышкан, бирок кол тууралуу унутуп калышат. Колдор картайып жана майлуулугун тез жоготот. Ошондон улам колдогу тамырлар көгөрүп көрүнө баштайт. Ал эми ультра фиолет нурлары теридеги тактарды жана бырыштардын пайда болушуна алып келет. Колго арналган күндөн коргоочу майларды сүйкөгөндү унутпаңыз, өзгөчө унаа айдап баратканда. Жайкысын кремди моюнга жана көкүрөкө сүйкөгөндү да унутпаңыз.

4. Бутту учкаштырып отурганды жактырсаңыз

Бутта пайда болгон варикоз кан тамырларынын чыгышынын себептеринин бири, кан айланган тамырларды кыскандан улам айлануу процесси бузулат. Ошондой эле учкаштырып отурган маалда кандын уюп калуусуна алып келет. Бул айымдар (өзгөчө боюнда барлар) үчүн кооптуу. Өзүңүздү ар дайым контролдоо кыйын болот. Ар бир учурда бутуңузду өйдө көтөрүп көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.

5. Суу чачты тарабаңыз

Суу болгон чачты тараган убакта чач ачакейлешип кетет. Бул чачка кам көрүүдөгү такай жасалуучу катачылык болуп саналат. Чач жабыркап калбашы үчүн чачты сүлгү менен кургатып андан соң бир аз фендеп туруп тарап баштасаңыз болот.

6. Макияж жасоодон мурда каш терүү

Эгер сиз искектин жардамы менен кашыңызга форма берүүнү кааласаңыз, анда кечкисин жуунгандан кийин териңиз. Бул ыкма менен бактериялардын кирип кетүүсүн алдын алып, каштын тегереги кычышып кызарбайт.

7. Чач жасалгалоочу буюмдар жогорку температуурада болсо

Жогоруку температурадагы (фен, үтүк, плойка) буюмдар чачтын ичинде майда көбүкчөлөрдү пайда кылат. Бул көбүкчөлөр чачты кургатып, сынып калуусуна алып келет. Мындай жагдайды алдын алуу үчүн фенди чачтан 15 см алыс алып кургатыңыз. Ошону менен бирге термо коргооч колдонуп жана температураны орточо режимде коюп алыңыз.

8. Көздү ушалаган адатыңыз болсо

Бул терс адаттан улам кирпиктер жабыркап, түшүп, аны менен бирге көздүн тегерегиндеги териге зыян алып келесиз. Көз кызарып, келбетиңизди чарчаңкы көрсөтөт. Бул адаттын ордуна «20—20—20» деп аталган ыкманы сунуштайбыз. Мында алысты 20 секунд ар бир 20 мүнөт сайын карап турууга аракет кылыңыз.

9. Таарынычтарды унутпасаңыз

Изилдөөлөр көрсөткөндөй “Behavioral Medicine” журналына 2005-жылы жарыялагандай кечиримдүү болуу менен физикалык ден соолуктун ортосунда байланыш бар. Эгер сиз өткөн таарынычтарды унута албай жаткан болсоңуз анда сиздин жашыңызга жаш кошот. Анткени сиздин ичиңизде топтоло берген таарынычтар стресстин (кортизол) гормондун пайда болушуна алып келет. Андан улам ашыкча салмак кошулуп, кан басым жана шекер көтөрүлүп, диабет оорусун пайда кылат.

10. Бетти кармалай берүү

Адам байкабай бетин кармалап, муруду тырмап, ээкти сүргүлөй берет. Мунун зыяны эки эселеп чыгат: ар дайым бетти кармалап, чойгулай берүү бырышты түшүрөт. Андан да аны кир колдор менен кармаласак безеткилерге бактериялар кирип кетүү коркунучу жаралат. Мындай адатты таштоонун бир жолу бул өзүңүздү дыкат көзөмөлгө алуу.

11. Бат-баттан бетти упалоо

Териңизге олуттуу зыян алып келүүчү нерсе бул –бир күндө бир нече жолу майланышкан сайын бетти упалоо. Себеп бул упалоодон келбетиңиз кандай көрүнгөндүгүндө эмес, андагы тешикчелерди жабылып калганында. Эмне кылуу керек? Ар дайым бетти кездеменин жардамы менен нымдаштырып алып, анан керек болсо бетке упа коюуга болот.

12.Сиздин сумкаңызда баардык учурга керек болгон нерселерди табууга болот

Эгер сиз көтөргөн баштыгыңызда сизге керектүү нерселер анын ичинде кол чатыр, аптечка, кошумча бут кийим, калың китеп болсо анда түз басууда көйгөйлөр жаралат. Ошондуктан баштыгыңызды бир колдон экинчи колго жана бир ийинден экинчи ийинге алмаштырып көтөрүү керек.

13.Бетиңизге бет майды аябай жаксаңыз

Эң жакшы деген бет майларды ар дайым сүйкөй берсе зыяндуу болот. Бет майды калың кылып сүйкөй берүүгө болбойт. Мындан тери дем ала албай калат. Бул беттин, көздүн алдын шишишине, бет теринин начарлашына алып келет. Ашыкча бет майды сүлгүнүн (салфетканын) жардамы менен сүртүп салган оң.

14. Чуркабай коюу

Дарыгерлердин айтуусунда бул спорт түрүнө аша чаап кызыккандар үчүн карылык эрте келет. Эгерде эртең мененкисин жайдан гана чуркап турсаңыз пайдасынан башка зыян алып келбейт.

15. Жаңы сыгылган ширелерди жактырсаңыз

Жаңы сыгылган ширелер антиоксидаттарга бай келет. Булар эркин жүргөн радикалдар менен күрөшөт. Бирок ширелерде фруктоза да кездешет-шекердин молекулалары кан аркылуу организмдеги баардык клеткаларда, майларда жана белоктордо айланып жүрө берет. Шекер коллаген менен байланышкан убакта (коллаген териге жылмакайлуулукту тартуулайт) гликир процесси жүрөт. Бул бырыштын түшүшүнө алып келет. Ал үчүн капустадан жасалган фрешти тандаңыз. Жашыл өсүмдүктөрдүн курамында көп антиоксидант жана цинк кездешет. Булар бырыштын түшүшүн алдын алат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу