Кезек Сайкал Садыбакасова менен Мери Шакулинадабы?

Айчүрөк менен Анжеликанын кайым айтышуусу кез-кезде эл арасына чыгып, дагы да болсо толук бойдон жабыла элек. Бул айрым бирөөсүнүн ашыкча аракетинен болушу керек. Эми алар тынчыды десек, «Кыз Бурактын» азыркы жетекчиси Сайкал Садыбакасова менен кезинде ырчылыкка кадам таштап, бирок турмуш жолуна түшкөндөн соң үй бүлөнү тандап, ырчылыктан кеткен Мээри Шакулина аттуу айымдын ортосундагы талаш-тартыштар интернет айдыңында дуу болуп жаткан 5 кези. Бири жолдошу Эдил Маматовду тарттырып ийдим десе, бири бул жөн гана ушак, алардын мага тиешеси жок деп актанууда. Кимисиники акыйкат экенине күйөрмандары таң болуп атышат. Чындыкты бир гана кудай билет эмеспи…

 

Булак: “Де-Факто”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу