Кашкар Жунушалиев аскерлер менен кыргыз-тажик чек арасын түнү бою күзөттү

Чек арада эч кандай мыйзам жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу.

 Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү. Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу.

«15-марттын кечинде ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, атайын инструктаж өткөрүп, кошумча тапшырмаларды белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

 

Ошондой эле коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо башкы маселе экенин айтты. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин шартын, эс ала турган жайын жана тамак-ашына да өзгөчө көңүл бурду.

Эскерте кетсек, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында эки элдин ортосунда чыр чыккан. Ал жерге вице-премьер Жеңиш Разаков келген. Буга чейин Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

Булак: Спутник

  • Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат
  • Сотрудники правоохранительных органов на кыргызско-таджикском участке границы около сел Аксай (Кыргызстан) и Мехнатабад (Таджикистан)
  • Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок
  • Сотрудники правоохранительных органов на кыргызско-таджикском участке границы около сел Аксай (Кыргызстан) и Мехнатабад (Таджикистан)
  • Сотрудники правоохранительных органов на кыргызско-таджикском участке границы около сел Аксай (Кыргызстан) и Мехнатабад (Таджикистан)

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу