Каттоо кызматынын эки кызматкери камакка алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын эки кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигини басма-сөз катчысы Бакыт Сеитов «Марал» радиосуна кабарлады. Аларга ЕАЭБ мамлекеттеринен мыйзамсыз унаа ташып жүргөн кылмыштуу топко көмөктөшүп келген деген кине коюлууда.

Мындай айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй облустук  жана Кемин райондук автоунааларды каттоо жана айдоочулук курамды даярдоо департаментинин 2 кызматкери камакка алынган.

Аларга карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Ички иштер министрлиги кылмыштуу топ ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 111 унааны мыйзамсыз алып киргендиги аныкталганын кабарлаган. Мындай иш менен алектенген 4 жаран кармалып, мыйзамсыз аракеттин кесепетинен мамлекетке 100 миллион сом зыян алып келгени маалым болду. Мамкаттоонун кармалган эки кызматкери да аларга көмөк көрсөтүп келген деп айыпталууда.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу