Касымалиевалардын жылдыздары жанды

Айзада Касмалиева 2017­жылдын 1­майынан тарта «Азаттык Медиа» мекемесинин директорлук кызматына киришет. Мындай чечимди «Эркин Европа Азаттык радиосунун» жетекчилиги кабыл алды.

Медиа уюмду 2013­жылдан бери башкарып келген Султан Каназаров өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Айзада Касмалиева 2004­жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач каналдын радиосунда, андан соң «Ала­Тоо» маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген.

2008­жылы «Азаттыктын» жамаатына кошулуп, «Азаттык+» программасында иштей баштаган. 2010­жылдан тарта «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүн алып барып келет. 2016­жылы «Каректе Евразия» программасынын редакторлук жана алып баруучулук кызматын да аркалоого киришкен. Мындай маалыматты «Азаттык» таратты.

Белгилүү болгондой журанлистика тармагында жүргөн Касымалиева Айзада айым дагы жакында эле КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Ошентип, бул айымдардын жылдызы жанды десек болот. Элибизге ак кызматын кыла беришсин. Биз да Айзада кесиптешибизге түйшүгү түмөн ишинде албан­албан ийгиликтерди каалайбыз.

Булак: Чагылган

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу