Карышкырга кой кайтарткан заманбы?..

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлиги Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупция карты күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Самаевдин ысымы буга чейин Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда аталган. Анда чек арада «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген Аскат Усенов аттуу жаран видео аркылуу кайрылып, Урматбек Самаевди ачык күнөлөп, президенттен жардам сураган. Депутат бул ишке тиешеси жок экенин, өзүнө карата каралоо күчөгөнүн айткан. Коомдо болсо Самаевдин кылмыштуу топторго байланышы бар деген сөздөр айтылып жүрөт…

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу