Кармалган Шамиль Атаханов укук коргоочуларга милициянын үстүнөн арызданды…

Кыйноолорду алдына-алуу Улуттук борборунун кызматкерлери экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун жактоочусунун келип жолугууларын суранган кайрылуусуна көңүл бурушту.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери тезинен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына келип Ш. Атахановго жолугушкан.

“Атахановдун арызында  кармоо тууралуу токтомду 21-майда кечки 20:00 де алган. Андан кийин аны  эч кандай медициналык кароосуз, убактылуу кармоочу жайга алып келген. Себеби, Атаханов буга чейин эки инфаркт алган адам катары мед кароону талап кылган. Жактоочу менен жолугууга да мүмкүн болгон эмес.Ал жалгыз жеңи жок күрмөчөн камерада калган. Жабуу, кийимдерин эртеси 22-майда гана алып келип беришкен. Дарыдан да баш тартышкан”, — деп билдирет жактоочусу Сулайманов.

Улуттук борбордун башчысы,  прокуратурага арыз жазылганын айтты.

Бул жерден Атаханов мырзанын да абалын түшүнсө болот. Жедеп ак чүч жашоого көнгөн кши түрмөдө да “комфорт” талап кылып жатпайбы. Бирок, укук коргоо органдарынын колуна түшкөн карапайым жарандар, мед кароо, жылуу кийим, плет дебей эле сабап-кыйноо болбосо ошого ыраазы болуп жатып калууда. Бул да болсо, ошол өзүңөрдүн иштөөңөрдүн кесепети.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу