Каримовдун кызы кайсы колонияга которулду?

Өзбекстандын тун президенти, ыраматылык Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова учурда №21 Зангиатин аялдар колониясында камакта отурат.

 Адвокаты Грегуар Манжаны  өзүнүн Twitter баракчасына жолугушууга аракет кылып, эки күндөн бери аталган колонияга барганын жазып чыккан. Эске салсак, 2017-жылы Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, жарым жылдан кийин өкүм жумшартылган. Жаза өтөө тартибин бузду деген негиз менен Каримова ушул жылдын 6-мартында кайрадан колонияга которулду. Ушул учурда социалдык тармакта анын өз өмүрүнө кол салды деген кеп тарап кеткен.

Башкы прокуратура эки кылмыш ишинин негизинде Каримова келтирген чыгым 2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Өзбекстан анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеп, эсептей келгенде, акчалардын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткени айтылууда.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу