Каржы полициясы камакка алган инвестор

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматы Швейцариялык инвестор компаниянын банктык эсептерин камакка алган. Бул тууралуу кечээ Президент катышкан жыйында Эл аралык Ишкерлер Кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков айтып чыкты. Анын билдиргени боюнча, Кеңешке швейцариялык ишкер кайрылып, алар Кыргызстанга 12 млн. долларлык инвестиция кылууга ниеттенишкенин, бирок Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы алардын банктык эсептерин текшерип камакка алганын айткан. «Азыр алардын акчасы камакта жатат, эгер маселе чечилгенден кийин деле ал инвесторлор Кыргызстанда калып, инвестиция салууга макул болобу же жокпу деген суроо пайда болот. Күч структурасындагы мындай баш аламандыктар инвестициянын агымына терс таасирин тийгизип жатат»,-деди ал. Бирок кандай себептер менен инвестордун эсебин камака алганын ачыктаган жок.

БУЛАК: Факты. кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу