Каргап-шилеп күйөөсүн жамандаган аялдын тилинен кан тамып…

Бул окуя жакында эле болгону тууралуу Айжан эже айтып берди.

Кайын энем 78 жашка чыкканда катуу ооруп, врачтар “киши болбойт” деп ооруканадан чыгарып берип коюшту. Анан үйгө алып-келип, алыс жакынга кабар берип, акырындан даярдана баштадык. Айткандай апабызды үйгө алып келгенибизде, бир кыймылдап койбой төрт күн жатты тилден калып. Же бир тамак ичпейт, созулуп эле жатып калды. Анан үйдөгүлөр боз үйдөн бери алып келип, мал камдап, ал турсун азык-түлүк дагы сатып келип, качан үзүлөт деп эле күтүп калдык.

Бир кезде эле өлөт деген апабыз тилге келип, кыймылдап, анан суу сураса болобу. Биз суу бергенден кийин аз өтпөй, тамак сурады. Ошентип ал киши аман калып, азыр токсон жашка чыкты. Андан бери он эки жылга кадам басты.

Көрсө төрт күн ичинде тиги дүйнөнү көрүп келиптир. Бир жерге барса тилинен кан тамып, кыйналып жаткан аялдарды көрүп аларга боору ооруп сураса “күйөөсүн каргап шилеп, жаман сөздөр менен каргагандар жазасын алып жатат. Негизи эле аялдардын көбү тилдин азабын тарткандар көп кыйналып жатат деп айтыптыр. Анан дагы ичкилик-ичип, чылым чеккендер дагы катуу кыйналарын айтып, бизге көп кеп кылып калат. Күйөөгө сүйүп-күйүп тийип алып, азыраак кыйынчылыкка чыдабай каргап-шилеп урушкан бул болбогон нерсе деп айтып калат.

Айтайын дегенибиз, аялдык аруулукту сактап, адамдык сапаты  биле жүргүлө деп гана айттым деп, Айжан эже бир топ сөздү кеп кылды. Айткандай эле аз- сүйлөп, тилге сак болуп ашыкча күнөөдөн алыс  болгонду  басым менен айтты.

Укканын азган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу