Кара-Балтада 14 жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрдү

Кара-Балтада 14 жаштагы кыз 5-кабаттын балконунан секирип каза тапты. Бул туурасында 24.kg маалымат агенттиги Чүй облустук ИИББне шилтеме жасап кабарлайт.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-октябрда, болжол менен саат 21.30 чамасында болгон.

Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алакшукур Гасановдун билдиришине караганда, каза болгон кыздын ата-энеси ажырашып кетишкен, энеси Турцияда, атасы Россияда иш кылышат.

“8-класстын окуучусу “жакшы” жана “эң жакшы” деген бааларга окуган. Бир нече күн мурда кыз атасынын дагы үйлөнүп, башка үй бүлөгө кетип калгандыгын уккан. Өз курбуларына ал: кантип атасы жок жашоого болсун? – деп айтчу экен”, – деп билдирген Алакшукур Гасанов.

“Кыз өзүнүн улуу эжеси жана агасы болуп таенесинин колунда турчу. Өзүнө кол салуу болгонго чейин 10-класста окуган эжеси менен сабак боюнча уруша кетишкен жана өз бөлмөсүнө кирген. Бир саатан соң туугандары кызды бөлмөсүнөн караганда терезе ачык болгон жана кыз бешинчи кабаттан сеирип кеткен” – деп кошумчалады ал.

Булак: kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу