Карамушкина мандатынан ажыратылабы?

Оозуна келгенин оттоп, Президенттин ичи койнуна кирип, аны мактап-жактап, бирок өз өлкөсүндө жашап жаткандарды шылдыңдап, кытмыр күлгөн Ирина Карамушкинанын кызматтан айрылуу күнү жакындап калгандай.

КСДПнын эрке депутатынын Жалал-Абадда митингге чыккан баатыр энелерди фашистке теңеп, алп акын Алыкул Осмоновдун көзү балким  чалыр болгон деген шакаба пикирин айтып, калпакты мончого кийсе болот дегени коомчулукта бир топ кыжырданууну жараткан эле.

Анысы аз келгенсип жума намазына баргандарга каршы чыгып, өлгөн адамдын кунун бир миллионго баалап өзүнүн аброюн беш миллионго баалаган акмакчылыктарынан улам Карамушкинаны мандатынан ажыратуу боюнча кол топтоо иши башталганын жарандык активист Руслан Бекназаров билдирди эле.

Депутат Карамушкина Алыкул Осмоновду келекелегени үчүн жооп береби?

Кечээ кол топтоо иши аяктап, Ирина Карамушкинаны кызматынан кетирүү боюнча жалпы 3 666 кол топтолгону белгилүү болду.

“Жума намазга барган мамлекеттик кызматкерлерди текшерүү керектигин көтөрүп, айлыкты мамлекеттен алып жатасыңар, Кудайыңар берген жок” деген билдирүү менен чыгат (ред.депутат Ириан Карамушкина). Демейде убактымды кыскарттың, туура эмес сөз бердиң, сөзүңдү оңдоп сүйлө, жеке абийириме, намысыма асылба деп талаша кетчү 119 депутаттын арасынан бирөө жарым И.Карамушкинага ачык (балким чыккан соң кулагына шыбырагандыр) жакшынакай түшүндүрүп коюуга жарабады. Ошондон соң гана коомчулук өз пикирин, нааразычылыгын билдирип коюу үчүн кол чогултуп баштадык”,-деп жазат Бекназаров.

Жыйынтыгында КСДП фракциясынын жетекчилигине И.Карамушкинаны фракция мүчөлүгүнөн ажыратуу сунушу киргизилгени маалым болду.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу