Карамушкина капсалаңга түштү

Четинен камалып жаткан коррупционерлерди карап отуруп Ирина Карамушкинанын төбө чачы тик турду. Анткени, коррупцияга айыпталып, абакка жөнөтүлүп жаткандардын басымдуу көпчүлүгү экс-президент А.Атамбаевди айланчыктагандар болуп чыгууда. Муну көргөн Карамушкина Фейсбукта “Бүттү! Мени, Асел Кодуранованы жана Иса Өмүркуловду камоо эле калды! Жана А.Ш.Атамбаевдин көрүнөөдө калган командасына, 7-апрелде жана андан кийин өлкөнү калыбына келтирип, тынч жолго салгандар – бүттү… Кыса бергиле, токтобогула!” деп “чыңырды”.

Айтса-айтпаса, учурда коррупция, жеп-ичмей, мамлекеттик казынаны талап-тономой кылмыштары боюнча камалып жаткандардын дээрлик баары Атамбаевдин, КСДПнын ишенген кадрлары экени анык. Бирок, мамлекеттик бийликти мыкчып, анын күчү менен эсепсиз көп каражаттарды жеп-ичип алгандар уялгандын ордуна кайра догурунуп жатышканы алардын адамдык касиетинен биротоло түңүлтөт.

Карамушкинанын постуна коммент жазгандардын ичинен генерал Асанбек Алымкожоев “бул Кыргызстандагы партиялык курулуштун өнүгүү деңгээлинин көрсөткүчү, азыркы учурда КСДПнын” деген пикирин жазган. Анын бул пикири КСДП партиясынын 2010-жылдан берки өнүгүү тарыхын эске салат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо президент А.Атамбаев “КСДПнын тизмесин жеке өзүм көзөмөлдөп, тандайм” деген. Бирок, анын түзгөн тизмеси боюнча парламентке КСДПдан абдан көп “калбырлуулар” келгени дайын. Ал эле эмес, КСДП аркылуу аткаруу бийлигиндеги майлуу-сүттүү кызматтарды аркалаган чиновниктер да учурда ашмалтайы чыгып, элдин капчыгына беш колдорун салышканы ачыкталып отурат. Мындан сырткары, Атамбаев менен Илмиянов түзгөн тизмедеги депутаттар өздөрүнүн алеки саатта сатып кетмей касиеттерин толук кандуу ачып жатышат. Муну партиянын, Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары деп бир кездери бир добуштан колдогон И.Жолдубаеваны, А.Сегизбаевди, С.Исаковду жана башка бир топ лөктөрдү кайра эле “бир добуштан” ыргытып салышканынан көрүүгө болот. Ал эми Бишкек мэри А.Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөтпөө вотумун жарыялашы КСДПнын шаардык, жергиликтүү кеңештердеги акыбалынын да оордугун далилдейт. Аны да 2016-жылы эле “ураалап” шайлашкан болчу.

Демек, учурунда Атамбаев партия куроо иши менен алектенбей эле, КСДПга капчыктууларды, калбыры бар коркок билиштерди топтоого басым жасап келген турбайбы. Натыйжада, Атамбаевдик система Кыргызстанды миллиарддаган долларга сызга отургузуп кетти. Ошондуктан, А.Атамбаев өлкөдөгү мындай башаламандык менен жеп-ичмейлерге сөзсүз жооп бериши керек. Коррупцига шектелип камалып жаткандардын баарынын жолу Атамбаевга карай багыт алып баратканы анын түптөгөн системасы менен партиялык курулуш иштеринин түпкү максатын барган сайын дааналап барат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу