Каракол шаарындагы жаңы конушка маркум Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды

Улан Чолпонбаев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген.

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылдыҮстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынганЖаны конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген.

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган.

“Жаны конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген. Бүгүн болсо Чолпонбаевдин ысымы жазылган стелла тургузулуп, жалпы конуш тургундарына маркум эл өкүлүнүн бир туугандары тарабынан жашоочуларга боз уй белекке берилди”, — деди Айтбаев.

Улан Чолпонбаев 1977-жылы Фрунзеде дарыгердин үйүндө туулган. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген.

2017-жылы 11-ноябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу