Караколдогу окуучунун өлүмү боюнча 8 бала кармалды

Милиция окуучунун өлтүрүлүшүнүн себебин айтты.

Караколдо окуучунун өлүмү боюнча 8 окуучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 18 жаштагы окуучунун сөөгү мал базардан шейшемби күнү эртең менен табылган. Сөөктүн жанында союл да болгон. Маркум 12-февралга караган түнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.Адам өлтүрүү фактысы боюнча баштапкы тергөө амалдары башталды.

Шектүү катары сегиз окуучу кармалды. Алардын бирөө маркум окуган мектептин окуучусу. Ал 19 жашта болсо, калгандары 16, 17 жашта.

«Алдын ала маалымат боюнча балдар маркумга тиш кайрап жүрүшкөн. Кармалгандардын айтымында, маркум декабрь айында алардын бирөөсүн сабап, уюлдук телефонун тартып алган. Андыктан алар өч алууну чечишкен. Түндө сыртка чакырып чыгып, далдоо жерге алып келип, таяк менен чаап өлтүрүшкөн»,- деп милициядан маалымдашты.

Кармалгандардын баары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: Спутник 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу