Каптагаев менен Бекназаров бийликке адвокат болуп, Раиммиллиардды мактап калышты

Раиммиллиард темасын  кимдер гана жазбады, анын таасири не кайсы гана саясатчы арбалып, анын сөзүн сүйлөбөдү. Алардын айрымдары президент өзү катуу сыйлаган мындай таасирдүү чоң фигурага жагыныш үчүн, кээ бири аны менен бирге болуп, анын таасири менен мансапка жетүү үчүн, айрымдар болсо, жөн гана көнүп калган кошоматчылыгынын айынан жөн тура албай, апендинин кызындай макташат. Мына ушул үчүнчү көрүнүшкө Эмил Каптагаевди кошсок болот. Ал капталдан чыга калып, РАИММИЛЛИАРДды коргоп, өзүн кыйын сезип, баягы башкаларга жукпас акылдуу кептерин жазыптыр. Белгилей кетсек, Каптагаевдин уулу да бийликтен кызмат алып, иштеп жатканы ырас. Мына ушуга байланыштуубу, айтор ал да Матраимовдорго чаң жугузбай, бийликке жагынуу менен алек. Мына ушундай эле көрүнүштү жакында Азимбек Бекназаровдон байкадык. Анын да уулу президенттик аппараттан кызмат алган. Ошондон улам Каптагаев менен Бекназаров бийликтин адвокатына айланышып, РАИММИЛЛИАРДга сөз айта алышпай калды. Негизи бул эки адам эл үчүн таза иштешкен жок. Эгер экөөнүн тең ишмердүлүктөрүн тыкыр иликтеп койсо, далай былыктары чыкмак…

БУЛАК: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу