Каптагаев бийликке коңгуроо какты…

Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына белгилүү коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев:

«Саламаттыкты сактоонун экс-министрн Батыралиевге карата кьшмыш иши козголгону туурасындагы кабарга карата жарандык коомчулукта кескин пикирлердин айтылып жатканы жебенин башка жакты көздөй бурулганын тастыктап турат. Коомчулук коррупция менен күрөшүү деген ураанга, аны ишке ашыруунун усулдарына жана темптерине башкача көз менен карай баштады. Бир жыл мурда бул маалыматты ураалап кабыл алышмак. Бул эми бийликтегилерге кагылган коңгуроо болду окшойт. Бул толкун мурдагы кылмыш иштерин да каптап кетиши мүмкүн», — деп жазды.

Бул Каптагаев деген киши жөн эле бир нерсени божурай бербейт. Демек, элдин, жарандык коомдун бийликке болгон көз-караштары өзгөрүп, ичи чыкпай жатканынан кабар берип жаткандай. Коррупция менен күрөшүү иргелүү жолу менен жүрүп жатканын, коомчулук эми билди десе да болчүдай.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу