«Каприз» конок жайынан казынага акча түшпөй жатат…

2010-жылы 19 июлдагы Убактылуу Өкмөттүн №95 декретине ылайык «ЖЧК «Каприз» ишканасын улутташтыруу, «СК Ресурс» менен коттедждер» мыйзамына ылайык жеке колдон мамлекеттик мүлккө өткөрүлгөн. Учурда ишкананын 70% баштапкы капиталы ЖЧК мамлекетне тийиш болуп, аны Мамлекеттик мүлк фонду башкарууга алган. «Каприз-Каракол»( «СК Ресурс» ЖЧК )2012 — 2015-жылдар аралыгында жылына 90.6 млн сом табып, кирешеси 2016-2017-жылдары 17.2 млн жана 1.6млн сомду түзгөн. «СК Ресурс» ЖКЧ киреше табууда курстардын айрымасында жоготууга туш болууда. Анткени, келишимдер жана карыздар чет элдик валютада алынган. 2013-2017 жылдар аралы-гындагы валюталардын курсунун айрымасы үчүн эле 69.4 млн сом төлөшкөн. Ошондой эле, ЖЧК бута чейин алган кредиттери дагы терс таасир этүүдө . Ал 2017-жылы 202.8 млн сомду түзгөн. «СК Ресурс» ЖЧК 2016-жылдагы активдери 81.5 млн сом, 2017-жылы 79.9 млн болуп, компаниянын финансалык абалы начар»,-деп билдирет Эсептөө палатасы. Аудит маалында отелдин 100- толукталышы катары 2016/17 жылдарды эсепке алып, анда түшкөн каражаттардан айрыма жалпы суммадан 46.7 млн сом болгон. Мезгил аралыгында мейманкана 40% гана тейлөө көрсөткөн. ЖЧК киреше, чыгашалары жана алуучу кирешелери тууралуу план иштеп чыгышкан эмес. Негизги киреше декабрдан мартка чейинки аралыкта түшүп турат.

БУЛАК: Факт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу