Каныкей Эралиева, ырчы: «Азыр заман жакшы болуп баары бар болгон сайын келиндер эрке болуп атышпайбы…»

Биздин убакта азыркыдай кош бойлуулукту жеңил аныктаган тест же болбосо УЗИ аппараты жок эле. Организмибизде өзгөрүү болгондо ооруканага барсак, анализ тапшыртуу жолу менен аныктачу. Кош бойлуу экенимди жолдошума сүйүнчүлөгөндө албетте, ата болом деп дардаңдап, кубануу менен кабыл алчу. Бирок өтө эле ашынып шааң-шөкөт кылчу эмеспиз. Ал кезде тарбия башка болчу. Жолдошубуздун жакшы сөз айтып колдоосуна гана ыраазы болчубуз. Ал кезде дарыгерлер өтө күчтүү экен, баланын кыз-эркек экенин ичибизди тыңшап туруп эле айтып коюшчу. Эсимде, биринчи баламды төрөгөндө жолдошум төрөт үйүнөн чыгарып, үйгө троллейбус менен эле алып кеткен. Азыр заман жакшы болуп баары бар болгон сайын келиндер эрке болуп атышпайбы…

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу