Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, экс-депутат: “КУДА-СӨӨК, БАЖА-МАЖА ДЕГЕНДЕР ТУУГАНДАРЫН ЭМНЕГЕ МЫЙЗАМ БУЗУУГА TҮPTYП ЖАТЫШАТ?»

 -Атамбаевдин ишин иликтеп, олчойгон дооматтарды койгон депутаттык комиссия жогору жак каалагандай чечим чыгарып береби же бурмалап жиберишеби?

-Атамбаев жөнүндөгү комиссиялык териштирүү эртеби-кечпи баары бир болмок. Менимче, бул сапар депутаттар ыкчам жана сапаттуу иштешет деп ойлойм. Анткени, ЖКнын өзүнүн аброю жөнүдө сөз болууда. Эгерде, комиссия тартынбай жасалган күнөөлөрдү так көрсөтүп берсе, анда Башкы прокуратура бул иштин аягына тез эле чыгып коёт. Бирок, эл депутаттарга дагы эле ишеним артпай турат. Алар оюнчулар да. Ар кандай комбинациялар болуп кетүүсү мүмкүн. Атамбаевдин күмөндүү иштерин ачык териштирип беришсе, Президенттин антикоррупциялык саясаты жакшы колдоого ээ болот эле. Бол босо саботаж жасалгандай болуп калат. Депутаттар ушул жагдайды түшүнүп турушса керек.

— Президент Раим Матраимов боюнча көтөрүлгөн маселени билмексен болуп отура береби же соттордун колуна салып береби?

-Раим Матраимовдун «ийгиликтү феномени» көпчүлүк эле саясатчылар күткөндөй эмес экен. Анткени, бул жигиттин, негизинен, бажы кызматын «таланттарын» биринчи орунга коюп келишкен. Көрсө, ал мамлекеттик масштабдагы маанилүү фигурага айланып алыптыр. Ошондуктан анын айланасындагы ар бир «дабыш» чоң резонанстарды жарата баштады. Мени кечээги анын бир тууган агасынын теледебаттагы ишенимдүү сөздөрү менен активдүү позициясы таң калтырды. Ушундан эле билинип турат,бул бир туугандардын айланасында дагы көп «согуштар» болчудай. Алдыда парламенттик шайлоо. Ким жеңишке жетсе ошол жакынкы заманда өлкөнүн «ээси» болуп алат. Ал үчүн азыр эле түшүнүктүү болгондой, эбегейсиз көп акча керек. Раим Матраимов бай киши. Аны өзү деле экс-президентке кайрылып жатып тастыктабадыбы. Демек, бүгүнкү расмий бийликтен мындай «чоң мүшөк толо акчасы барларды» алыстатып коюу ар бир эле саясый күчтөдүн тилектери. Алардын башында кээ бир бийликке жакындай албай жүргөндөр болушу мүмкүн. Эмки кадам Президентте турат. Ал ушул эле «чыңалууну» кармап тура береби же Раим Матраимовду фемиданын колуна салып коёбу? Кыргызстандын жакынкы саясий оюндары так ушул суроонун айланасында уланчудай!

-Эмнеге азыркы бийлик эл иренжиген терс сапаттардан арыла албай, тааныш-билиштен өйдө боло албай жатышат?

-Тилекке каршы, мурдагы жаман сапаттар дагы эле уланып жаткандай. Айрыкча өкмөттө. Бул жакшылыкка алып келбейт. Тез аранын ичинде тазаланып, алдыга жылуу керек! Болбосо эл өзу тазалап салат. Азыр адамдар көп нерсеге парасаттык менен мамиле кылып калды. Куда-сөөк, бажа-мажа дегендер өзүлөрү саясий башчылыкта турган туугандарын эмнеге мыйзам бузууга түртүп жатышат, түшүнбөйсуң! Демек, алардын бир эле ойдору бар экен, да? Бийлик колдо турганда талап-тулап калалы деген. Андай болсо ошол лидер болуп элдин жүгүн аракалап жаткан туугандарынын түбүнө жетишет!

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу