Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: КСДП кыр башына келип, телмирип турат

-Агай, КСДПда болуп жаткан окуяларга көз карашыңыз кандай? Мисалы, Иса Өмүркуловдун партиянын катарынан чыгарылышына?

– КСДПдагы жикке бөлүнүп алып акыйнек айтыша турган мезгил сөзсүз келерин саясатты бир аз түшүнгөн адамдар эчактан бери эле айтып келишкен. Анткени, партиянын ички, сырткы саясатын эле эмес, анын баардык жашоо мыйзамдарын бир эле киши толук башкарып алса, аягы ушундай эле болот. Башка вариант болушудагы мүмкүн эмес! Ошондуктан, Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы КСДП үчүн мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Акылдары болсо, Атамбаев жана башка «ксдпчылар» дагы бул кырдаалды «өзүбүздүн жылаңач амбицияга берилип, кыйратып алган саясый «ишмердигибиз» эле болуп жатат» деп моюндарына алгандары оң. Менимче, КСДП өзүн бир тазалап алуунун эволюциялык жолунун кыр башына келип, телмирип турат. Акыл калчап, акыркы 8 жылдагы өлкөнү башкаруудагы катачылыктарын моюндарына алышып, элден кечирим сурашып, мындан ары өлкө үчүн кандай өнүгүү программасы болорун айтышып, прогрессивдүү жсшдорду сунуш кыла алышса, анда жакшы. Жок, болбой эле тиреше беришсе, анда кырдан төмөн карай ала салышып, баардыгы жок болушат. КСДПнын азыркы абалын көрүп туруп, мени башка толгонуу ойлору эзип келет. Эмнеге булар партиянын кризистик абалдарын өз ара, балким, жабык эшик артында, акыл жана токтоолук менен чечип алышпай элди экиге бөлүп алып козутуп атышат? Булар бүгүнкү күнгө чейин бийликтин баарын мыкчып кармап турушкан. Кезинде Кыргызстанды гүлдөтүп жиберишкенде, азыркы ыйкы-тыйкыларын эл түшүнмөк. Жок, азыркы терең экономикалык кризистин фонунда эрегишкен жоого айланып алышкандыктары – акылсыздыктын жеткен чеги. Эки жак тең элди ойлобой калышканы өкүнүчтүү!

– Кандай дейсиз, «КСДП Атамбаевсиз» деп аталган топ максатына жетиши мүмкүнбү?

– Алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Өздөрү деле айта алышпайт. Партия талаш болуп жатат. Системалык кризисти мындан ары дагы күчөтүү жолуна түшүп алышты. Андан көрө өлкөнүн келечегин ойлошсо жакшы болот эле.

– 2020-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын шансы канчалык?

– Азыркы абалы тереңдей берсе, эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок! Жаратмандык саясат жүргүзүп, бири-бирин жана башка прогрессивдүү адамдарды куугунтукташпай, аларды дагы өз боорлоруна тарта алышса, анда башка иш. Бирок, көзүм жетпей турат… Кана эми ошондой лидерлер болсо? Баарынан кызыгы жана өкүнүчтүүсү, баардык эле саясый партияларда абал ушундай эле.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу