Каныбек Осмоналиев, профессор: «Депутат болсо эле өздөрүн элита сезгендери туура эмес…»

Каныбек агай, саясатчылардын дейбизби же саясий элита дейбизби, акыркы мезгилде экс- президент Алмазбек Атамбаевди убагында айга-күнгө теңеп, колунан сыйлык алып жүргөндөр, жакшылыгын ченебей көргөндөрдүн көбү 180 градуска өзгөрүп, ага доомат коюп, ачык эле сындай башташты. Бул симптом эмнеден кабар берет?

— Бул көрүнүш мага айла кеткендеги абалдай сезилип жатат. Биздин айрым депутаттардын буга чейинки эле карманган позициялары абдан опурталдуу, абдан ишеничсиз болчу. Эки күндөн бери мурдагы терс жактарын кескин түрдө күчөтүп, дагы өзгөртүшкөнүнө күбө болдук. Азыртадан мындай адамдарга туура баа бербесек, алардын кесепетин тартып калабыз. Анткен саясатчылардын мындай кубулма, жылма саясаты мамлекеттин келечегине кесепетин тийгизет. Башкача айтканда, мындай симптом мамлекеттин келечегине абдан опурталдуу, коркунучтуу жагдайды жаратышы мүмкүн. Бүгүн Атамбаевди парламент трибунасынан каралап, сындап, жамандап жаткандар учурунда Атамбаевдин кеп эле жакшылыгын көрүп, ал кишинин жардамы менен депутат болуп, анын жетекчилиги менен министр болушкан. Башкача айтканда, майлуу-сүттүү кызматтарга Атамбаевдин аркасы менен жетишкен. Эми ал күндөрүн унутуп, теңирден тескери сөздөрдү сүйлөп жатышат. Менимче, алардын Атамбаевди жамандап, азыркы бийликке жагабыз деген аракети официалдуу бийликке деле жакпаса керек. Алар деле жагымсыз жагдай катары карап жатышат го. Ошон үчүн элди иоенжиткен мындай адатты токтотуш керек. Башкасың билбейм. Атамбаевден жакшылык көргөн депутаттар аны жамандашса, анын азабын тарткан менин оозумдан келмем түшүп, көр дүйнө деген ушул экен деп таң калып отуруп калдым.

— Кыргыз саясатчылар кошоматчылыкты туу тутуп алышты. Саясатчылар кошоматчы болбосо, коомдо ордун жоготуп коёбу?

— Мындай терс көрүнүш акыркы мезгилде адат болуп калыптанып баратканын кептер айтып жатышат. Мен да аларга кошулам. Кошоматсыз деле саясатта, башка тармакта деле ийгиликке жетесиң . Эл арасынан да, башка жактан да татыктуу ордуңду табасьң деп айтат элем. Бирок кызматтан бат көтөрүлүш үчүн жогору жактын көзүнө көрүнүп, колдоосуна татыш үчүн кээде саясатчылар ушундай жолду тандап алышканы өкүндүрөт. Эгерде биз мамлекеттин келечегин ойлоп жакшы жолго сала турган болсок, мындай адаттардан арылышыбыз керек. Болбосо азыркы депутатардын адаты, кубулма позициясы, мамлекетке пайда эмес, зыян гана алып келет.

— Мындай көз караштагы саясатчылардан, эки жүз, кошоматчы депутаттардан кантип арылсак болот?

— Бул жаман адатты Сооронбай Шарипович өзү токтотпосо болбой калды. Президент позициясы жок, күнкарамалардан оолак болушу керек. Менимче, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы мындан ары жаратман иштерди жасай албай калду окшойт. Башкача айтканда, парламент эл иренжиген терс көрүнүштөрдүн чордонуна айланып калды. Ошондуктан азыркы президент буларга кандайдыр бир маанилүү маселени ишке ашырууга өбөк болот деп ишеним артпашы керек.

— Депутаттарды элита деп эсептесек болобу?

— Саясий элита дейбиз. Чынында элита дегенге биринчиден, эл өзү баа бериши керек. Мисалы, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматовдордун канча жыл өткөндөн кийин элита экени айтылып жатат. Азыр депутат болсо эле өздорүн элита сезгендери туура эмес. Чынында азыркы расмий бийлик жалаң кошоматчылардан куралган. Эгер бул армия менен 2020-жылкы шайлоого бара турган болсо, анда биздин шорубуз бар эл экенбиз дей бергиле. Мен ошол кошоматчылардан куралган армиядан кооптонуп жатам.

— Агай, Кыргызстанды 35 мандатка болуп, олигархтар сатып алганы калды деген ойду да айттыңыз эле?

— Жогорку Кеңештин эгемендүүлүктү алган күндөн берки тарыхын терең изилдеп отуруп ушул тыянакка келдим. Эсиңердеби, Акаевдин учурундагы Мыйзам чыгаруу палатасынын 35 депутаты кандай иштегенин? Өзүнчө эле фарс болбоду беле? Ар бир депутатты «шефке алып коюшкан» болчу. Албетте, жакыны баш беришкен эмес. Бирок алар тиги «калпактын астындагы» депутаттарга ар дайым эле утулуп басып жүрүшчү. Анткенй азчылыкты түзүшчү. Көптөгөн элге зыянын тийгизген мыйзамдар, токтомдор ж.б. документтер так ошол учурларда кабыл алынган. Аткаруу бийлиги кадимкидей чардап, кутуруп кеткен. Натыйжасы эмне болду? Баарыбызга белгилүү! Азыр ошону эле ЖК менен аткаруу бийлигиндеги катачылыкты көп жылдан бери отургандар кайталаганы турушат. Алардын көбү акыркы жылдары эбегейсиз байыгандар. ЖКнын VI чакырылышында өтө начар иштегендерине азыр эл катуу баа берип койгону турат. Ошондуктан аларда бир гана жол калды. Депутаттардын санын кескин кыскартып, акчага сатып алуу. Бюджетти экономия кылуунун башка мыйзамдуу жолдору бар. Ал ЖКнын өздүк бюджетин кескин кыскартуу. Депутаттын айлыгын мугалим менен врачтын орточо айлыктарына теңеп, бардык артыкчылыктарды алып салуу ж.б. Азыр ЖКда мыйзамды өзгөртүү боюнча жан талашкан аракеттер болуп жатат. Элдин кыжырын келтирген иштерди жасай беришсинчи анан көрөбүз!

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу