Каныбек Осмоналиев, профессор: “Бабанов келсе президент Жээнбековдун позициясын укмуш чыңдайт эле!”

К. Осмоналиев: Соттор азыр Атамбаевдин тушундагыдай эмес.

— Каныбек агай, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келээри айтыла баштады. Ал келсе камакка алынып, башка бизнесмендердей болуп, бар байлыгынын кол жууп, куру жалак калбайбы?

— Жок! Азыр заман башка. Мындай ишенимди мен өз башыма келген сыноодон кийин айтып жатам! Толук акталып чыктым, го! Соттор азыр Атамбаевдин тушундагыдай эмес. Бир аз оңолуу жолуна түшкөндүктөрүү ачык эле билине баштады. Президент Сооронбай Жээнбековдун ийгилиги деп айтсак болот. Албетте, алдыда дагы көп оңолуу иштерин жасоо керек! Бабановду дароо эле камап коюу деген туура эмес болуп калат. Ал Кыргызстанына келип эле өз тагдырын мыйзамдуу жол менен териштирип алуусуна толук шарттар бар азыр.

— Бабановго жеңилдик берилсе, ырайым кылса “президент сөзүнө турбай койду, коррупцияны сенден баштайм деген сөзүн аткара алган жок”- деп, президенттин кадырына доо кетпейби?

— Ырайымды сот кылат. Соттун чечими гана жарандын тагдырын чечет. Ошондуктан, Өмүрбек Токтогулович тез арада укук коргоо органдарына кайрылып, өзүн актап алат деп ишенели. Президенттин коррупцияга каршы иштери али күчүндө. Барыбыз колдошубуз керек. Сиз айткан ыйкы-тыйкыны, эми шайлоо алдындагы курч күрөшүүдө ар кандай эмоциялар менен айтылган сөздөр катары эле кароо керек. Бул дүйнөлүк көрүнүш. Бабанов менен Жээнбековдун дебаттарынын эле феномени катары кабыл алгыла. Башкалар мындан дагы катуу дооматтар менен акыйлашып жүрүшпөйбү! Жакалашып мушташып кеткендери канча! Ортодо эле аларды кайраштырып, күчөтүп жиберген арамза күчтөр болуп жатпайбы? Президент, тескерисинче, Бабановдун кайтып келишине шарт түзүп берип, соттон каратууга жол берсе, анын аброю ого бетер өсөт. Бабанов ак болсо акталат, айыбы бар болсо, жазасын алат. Башка жол жок! Мыйзамды бардыгыбыз сыйлап, баш ийели!

— Бийлик Өмүрбек Бабановдун тынчтык жол менен келишине шарт түзбөсө, ал революция кылып, бийликти алабыз деген топторго кошулуп кетиши мүмкүнбү?

— Мен Бабановдун радикалдык күчтөргө кошулуп кетээрин деги эле элестете албаймын. 2017- жылдагы шайлоонун эртеси эле жеңүүчү атаандашын куттуктап, “өлкөгө калпыс иш кылууга барбайм жана барган дагы эмесмин”,- деди го? Андан кийин ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кетти. Депутаттык мандатын тапшырды, саясаттан кетээрин жарыя кылды. Дагы эмне кылсын? Өлкөнүн стабилдүү болушун каалап, өз тарапкерлерин тынчытты. Ага деле болбой 10 күндөн кийин ошол кездеги президент Атамбаев жасалма эле кылмыш ишин козготуп койбодубу? Аны эл көрүп, түшүнүп эле турат го? Эми болсо, Жээнбеков менен Бабановду бири-бирине каршы коюуга баш — оту менен киришип алыптыр. Бул туура эмес!.

— Аны айрымдар коркок дешет. Кыргызстанга келип, бардык сыноону башынна кечиргенге эрки, күчү жетеби?

— Бабановду коркок дегендер өзүлөрү кимдер? Анын жолун тороп, күчтүү ишкерди президенттин командасына кошууга каршы болгон «азаматтар». Бабановду идеалдаштырып алуудан дагы этият болойлу. Бирок, анын басып өткөн жолу өтө барктуу болуп турат. Мамлекеттин реалдуу экономикалык секторуна таасирдүү инсан катары баалашыбыз керек. Анын артындагы 600 миңге жакын жактоочулары дагы зор күч. Президент Жээнбековдун позициясын укмуш чыңдайт эле! Сабатсыз кадрлар өзүнөн-өзү четтемек! Бабанов өзүн мыйзам жолу менен коргоп алганга кудурети жетет. Азыр мыйзам иштей баштаганына күбө болуп жатпайбызбы!

— Неге анын келишинен бийлик чоочулап жатат?

— Бабановдун келишинен расмий бийлик чочулаган жок. Анын күчүн жана билимин пайдаланат, бийлик. Андан орто жолдогу арамза саясатчы болумуштар чочулап жатышат. Анткени, көбүнүн эгоисттик пландары бузулуп кетиши мүмкүн!

Булак: “Майдан. kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу