Каныбек Мырзаканов, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү: “Салянованын өмүрүнө абдан чоң коркунуч бар”

– Каныбек мырза, Салянованын камалышына кандай карайсыз?

– 5-июнда Батукаевдин иши боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын кароодо камалсын деген чечим чыкканы судьянын, прокурор менен алдын ала сүйлөшүп алышкандыгы ачык билинип калды. Бул саясий негиздеги чечим. Батукаевдин бир күндө сотто акталып, колуна жаңы паспорт берилип, ГСИН начальниги Зарылбек Рысалиев Батукаевди түрмөдөн самолетко чейин өзү коштоп барып чет өлкөгө чыгарып жибергендиги үчүн жалгыз Салянова күнөөлүү эмес да. Чынында аны бошотууга Салянованын эч кандай укугу да мүмкүнчүлүгү да жок болчу.

– Салянованы камоодо кандай мыйзам бузуу орун алды? Бу сапар неге анын жашы жете элек кызы эске алынган жок?

– Лицензия боюнча соттолгондо да, Салянованын күнөөсү далилденген эмес. Ошого карабай 5 жылга соттолгон. Бирок жазасын колундагы кызы 14 жашка чыкканда гана жазасын тартат деп мөөнөт берилген. Салянова мыйзамдарды, коомдук тартипти бузган жок. Ал коомчулукка коркунуч келтирбейт. Ошондуктан кечээ күнү үй камагында калтырышса болмок. Аны камоо чечим куугунтуктун уландысы десек болот.

– Неге Саляновага Атамбаевдин доорундагыдан да катаал мамиле жасалды?

– Себеби сот системасында, прокуратурада, ИИМде, УКМКда баягы эле эрксиз, мыйзамсыз буйруктарды аткарган, коррупцияга белчесинен баткан, буйрукту ашыгы менен аткарган кызматчылар иштеп жатышат. Бүгүнкү бийликте отурган чиновниктер, Текебаев жана Саляновага окшогон мыйзамды так аткарган, мекенчил саясатчылардан коркушат. Ошондуктан жалган жалаа менен камалган Текебаев дагы эле түрмөдө. Эми Салянованы да тезирээк камоого аракет кылып жатышат.

– Салянованы неге УКМКга эмес, №1 СИЗОго камашты? Аны сындыруунун аракети көрүлүп жаткан жокпу?

– Бизге жеткен маалыматтар боюнча ИИМдин №1 СИЗОсунда Аида Салянованын ден соолугуна жана өмүрүнө абдан чоң коркунуч бар. Ал жерде ага каршы заговор уюштурулуп жатат деген маалыматтар бар. Ошондуктан Аида Салянованын тарапташтары анын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралып жатканына кабатырланып жатабыз.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу