КАНЧА ЖАШТА ТУРМУШКА ЧЫГУУ КЕРЕК!

“Жашоодо өмүрлүк жар жана кесип тандоодо жаңылбаш” керек деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Себеби, бул экөө тең – олуттуу кадам жана аны шашпай, кылдаттык менен жасоо керек! Өзгөчө, кичинекей мамлекетти куруу – оюнчук эмес. Анан ушундай олуттуу кадамды качан жасаш керектиги туурасында ар бир кыз өмүрүндө жок дегенде бир жолу ойлонсо керек. Кыз дегенибиз, алар – эркектерге салыштырмалуу бул жаатта эмоционалдуу келишип, анын үстүндө көп ойлонуп, тынчсызданышат. А эркектер, “Кыз сүйсө, калат, бала сүйсө, алат” деп коюп жүрө беришет. Анын үстүнө, кыргыздарда баш кошуу туурасындагы демилгени эркектер гана колго албаса, кыздар – ошол демилгечинин гана сунушун күтүп жүрө беришет. Эми, ар кимдин ою – ар кандай. Бирөө 18 жашында эле даяр болсо, башкасы 30 жашында деле ойлонуп, бойдок жүрө берет. Ошентсе да, канча жашта турмуш куруу керектиги туурасында жалпылашкан эрежелерди да эске алып коюу – туура.  Ал үчүн ар кандай курактагы аялзатынын психологиясын изилдеп, алардын бактылуу үй-бүлө туурасындагы элестетүүлөрүн өзүңүздүкү менен салыштырып, чечим чыгарыңыз. Бойго жетүү: 18 жаш  [/b]Сыйкырдуу, жаңы башталыштар үчүн ылайыктуу курак. Бирок 18 жашта турмушка чыгуу – эртелик кылат. Биринчиден, бул жашта кыз – моралдык жактан дагы, физикалык жактан дагы толук калыптана элек болот.  Экинчиден, мындай эрте жашта курулган үй-бүлө – шашылыш чечим чыгаруудан куралат. Тагында, бири-бирин сүйүшкөн жаштар, эмоцияга алдырып, акылга эмес, сезимге баш ийип үйлөнүп алышат.  18 жаштагы кыздарда – ата-энесинен бөлүнүп, өзүн-өзү билгиси келген каалоо күч алат. Ушундан улам, алар турмушка чыгууну – эркиндикке чыгуудай элестетишет.  Көпчүлүк кыздар, “Качанкыга чейин ата-энемдин айтканын кылып жүрө берем? Үй-бүлө курсам, өзүмө-өзүм кожойке боло алам” деп айтышат. Себеби, алар үй-бүлө куруу менен милдеттер – мурдагыдан да көбөйөөрүн биле беришпейт. Жыйынтыгында, кыз – “Аңгектен качам деп, дөңгөккө” тушугат. Андыктан, психологдордун баары: 18 жашта турмуш куруу – психологиялык маселелерди жаратып, кыйроолорго алып келээрин айтышат.  18 жаш – үй-бүлө курууга өтө аз. Бул жаштагы кыздар, андан көрө өзүн-өзү өнүктүрүп, жашоодогу ордун табууга аракет жасашы керек! Студенттик күндөр: 20 жаш  [/b]Бул – билим алууга, романтикага жана бирөөнү сүйүүгө ылайыктуу учур. Ошондуктан, 20 жашты дагы – турмуш курууга ылайыктуу курак деп айтууга болбойт.  Билимдин сапатына көбүрөөк көңүл буруу керек учурда, турмушка чыгып, жаңы милдеттерди моюнга алуунун кереги барбы?!! 20 жашта адам – кызыкчылыктарын так аныктап, жашоо – дароо башка ыргакты кабыл алып, кийинки фазага өтөт. Демек, бул учур – турмуш курууга ылайыксыз. Статистика дагы, 20 жашта турмушка чыккан кыздардын көбү – никедеги жашоодон ырахат албай, бат ажырашып кетээрин тастыктайт.  Олуттуу болуу: 23-25 жаш [/b]Турмушка чыгуу үчүн – ылайыктуу жаш. Жогорку окуу жайы аякталды, жумуш табылды, демек, кыз – жаш үй-бүлөгө каржылык салымын кошо баштайт. Мындан сырткары, эки жаш тең физикалык жана психологиялык жаткан балалуу болууга даяр. Кыз – 25 жашында энелик мээрим, эне болуу, энелик сезим, наристеге жоопкерчиликтүү болуу деген нерселерди жакшы түшүнүп калат. Статистика далилдейт, 23-25 жашта турмушка чыккан кыздардын үй-бүлөсү бактылуу болот. Анан ушундай ийгиликтүү кырдаалды күтүүгө мүмкүн болсо, андан эрте турмушка чыгуунун кереги барбы?!! Өзүн-өзү аныктоо: 25-30 жаш  [/b]Бул дагы никеге турууга ылайыктуу учур. 30 жашта турмушка чыккандарды көбү сын көз караш менен караганы менен, эрте тийип бактысыз болгондон көрө, кеч тийип бактылуу болгон артык экендиги чын. Бул жашта – аялзаты ал үчүн эмне маанилүү экендигин аныктап калат: мамилеби же кесиппи? Ал, эмне үчүн турмушка чыгып атканын жана үй тиричилик менен жумушту кантип айкалыштырышты так билет. Турмушка кеч чыккандыгы үчүн канча сөз укса дагы, ал аялзаты эми көз карандысыз жана жашоосун өзү курат. Жогорудагы тажрыйбаларга таянып, 25-30 жаштагы кыздар өмүрлүк жарын туура тандай алышат деген жыйынтык чыгарылган. Анткени, аларга эмоцияга алдырбай, сүйүктүүсү менен баарлашууда компромисске баруу – оңойго турат. Ошентсе да, бул курактын коркунучтуу да жактары бар:  • Бул жашта бойдок жүргөн айымдарды моралдык жаткан эч ким колдобой койсо, 30 жаштан кийин жалгыз бой аялдар каардуу картаң бойдокторго айланып калышы мүмкүн. • Албетте, бул – баардык айымдарга тиешелүү эмес. Бойдок айымдардын көбү – бактылуу түгөйлөрдү көргөндө өздөрүн жаман сезип, жиндери келет.  • Элдин көзүнчө бойдок жүргөнү – аларды тынчтандырбагандай кылып көрсөткүсү келгени менен, ичтеринде көрө албастыктын вулканы атылат. Бирок, жашоо – ушуну менен бүтүп калбайт, болгону бул курактын кризисин тынч өткөрүүгө аракет кылыш керек.   Гүлдөө: 30-40 жаш  Бул куракта айымдар гүлдөй ачылып, сулуу болуп калышат. Өздөрүнө жакшы кам көрүү менен кичүү кыздардан да жаш көрүнүп калышат. 25 жаштагы жигиттердин жүрөгүнө чок салып, анда дагы, “Турмушка чыгуунун кереги барбы, негизи?” деп ойлонуп калышат. Өздөрүнө ишенимдүү, колдорунда бар, жагымдуу айымдар – мырзалардын сүйүүсүнө курчалышып, ушундай көнүп калган ырахаттан турмушка чыгып арылып калуудан кооптонушат.  30-40 жаштагы айымдардын көбү, өзүнөн жаш жигиттерге турмушка чыгууну туура көрүшөт. Мындай учурда алар өздөрүнө кам көрүп, түгөйүнө  ылайыктуу болуу үчүн жаш көрүнгөнгө аракет кылышат.  Эсиңизде болсун, эч убакта “Жашым өтүп баратат” деп эле турмушка чыгып алуу – туура эмес! Себеби, баардык куракта ийгиликтүү турмушка чыгып, бактылуу болууга мүмкүн! Акылдуу чечим: 40-50 жаш  Мындай куракта турмушка чыгуу – оңойго турбайт. Ушунча жыл өзүнө-өзү хан болуп жашаган айым, мындан ары деле ушундай калыпта жашоону туура көрүп калат. Эгер турмушка чыгууну чечсе, анда ал – үй-бүлө кургандан кийин мурдагыдан да жакшынакай болуп калат. Ал канча жашта болбосун, сүйүктүүсү менен өткөргөн ар бир мүнөткө кубанат. Демек, 40 жаштан кийин турмуш курган аялзатынын жашоосу – көпчүлүк учурда жакшы гана жакка өзгөрөт.    Качан турмушка чыгыш керектигин – ар бир аялзаты өзү чечет. Себеби, ар бир курактын өзүнүн жакшы жактары бар эмеспи?.. Анын сыңары, канча жашта бактыңызды табаарыңыз – маанилүү эмес. Балким 18 жашта, балким 30 жашта, а балким 50 жашта?..  Эң башкысы, сиз, тандап жаткан адамыңыз менен бактылуу болооруңузга толук ишенишиңиз керек!  Жанар КАМБАРАЛИЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу