Кант диабети көздүн көрүүсүн начарлатат…

Азыркы убакта кант диабетине чалдыккандар жылдан-жылга өсүп баратат. Мунун баары экология, дени сак жашоо салтын карманбоо, туура тамактанбоо диабетке чалдыккан адамдардын санын күндөн-күнгө көбөйтөрүн баарыбыз биле бербейбиз. Дагы бир айта кетчү нерсе адам бул ооруга чалдыгып калганын узак убакыт, керек болсо 10 жылга чейин билбеши мүмкүн. Албетте өтө кооптуу жагдай. Кыргызстанда да кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын миң кишиге көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча 33 миңден ашкан. Адистер бул сан чынында 3-4 эсеге көп болушу мүмкүн экенин айтууда.

Бул дарт күчөгөн учурда көзгө, бөйрөккө, жүрөккө бүтүндөй адам ден-соолугуна чоң коркунуч жаратат. Кант диабети – бул көрүү жөндөмүнө коркунуч туудурган түздөн-түз дарт болгондуктан, ал кенен таралган сайын жалпы өмүр сүрүү деңгээли да төмөндөй берет. Соо адамдарга караганда, көздүн көрбөй калуусундагы кант диабетке чалдыккандар 25 эсе көп кездешет экен. Кант диабетине чалдыккан ар бир оорулуу адамда эртеби, кечпи көрүү жөндөмдүлүүгү начарлайт. Ал оору убактысына, кандагы канттын өлчөмүнө, диетаны кармоосуна, ар дайым офтальмолог менен эндокринологтон текшерилүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Көз оорулары, блефарит, тирсек сыяктуу оорулар диабеттин белгилери болушу мүмкүн. Баштапкыда көрүү жөндөмүнүн төмөндөшү жана ооруксунуу сыяктуу кооптуу белгилер болбойт. Көздүн чел басуусу, тактар, окуунун кыйындашы, оорунун кооптуу фазага өтүп, диабеттик ретинопатияга чалдыкканынын белгиси байкалат.

Диабеттик ретинопатия – сокурлукка жетелеген бирден-бир оору. Андан айыгуунун эң жакшы жолу- убактылуу жасалган көз торунун лазердик коагуляциясы. Бул дарылануу көз торундагы бузулуу процессин токтотот. Эгер ооруну дарылабаса, көр болуп калууга алып келет.

Бүгүнкү күндө, кант диабетинин дыкат текшерүү жүрүп жатат. Ошондуктан, эгер сизде кант диабети диагнозу коюлса, милдеттүү түрдө, офтальмологтун текшерүүсүнөн өтүп, бардык талаптарды аткарганыңыз оң. Кант оорусу – көзү азиздикке алып келүүсү абдан мүмкүн. Ооруп дарылануу жолун издегенче, оорубагандын жолун издейли!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу