Кандай тамактануу керек?

Негизи биз адам балсы тамакты тойгончо тамактанып алабыз. Айрымдарыбыз андан кийин деле тойбой, кайра-кайра тамак жей берген учурубуз көп кездешет. Бул эмнеге байланыштуу? Бүгүн туура тамактануу боюнча кеңеш беребиз.

Муну кандай түшүндүрсө болот?

Адамдын тамакка тойбой калгандыгы, анын жеген идишинин жана тамагынын өңүнө байланыштуу. Мисалга, жалпы эле декаративдик дизайн боюнча: Тамак-аштардын көбү ачык түскө байланган. Алар кызыл жана сары түстөр. Бул түстөр ансайын табитти ачууга себеп болот.

Ошондой эле кафе жана ресторандарда кардарлардын табитин ачуу максатында атайын ачык өңдөр колдонулат. Ак түс адамдын психикасын тынчтандырууга жардам берет. Эгерде тамактын өңү менен идиштин өңү айкалышкан учурда, адамдар тойгондугун билбей кайра-кайра тамак жей бере тургандыгын адистер эскертет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу