Канат Исаев Атамбаевдин ишине аябай киришти

ЖКнын депутаты Канат Исаев Алмазбек Атамбаевдин Россия жана Түркиядагы байлыктарын текшерүүгө алууну өз карамагына алды.

Өткөндө ЖКнын ичинде Атамбаевдин кол тийбестиги алынганда дагы Чүйдүн дагы бир тың чыкмасы Бакыт Жетигеновдон муштум жеп, парламент жыйынына келе албай жатыптыр деген кеп чыккан. Чындап эле Исаевдин карааны ЖКда жок болуп кеткен. Көрсө, Канат Исаев Атамбаевдин былык иштерине бачым киришип, анын бизнестеринин изине түшүп Турцияга кеткенин, кийин келгенде өзү ачыктаган болчу. Учурда Исаев Россия шаарыида жүрөт.

«Мен Россиянын тийиштүү органдарынан Кыргызстандан 1990-жылдан бери алынып келинген китептер боюнча маалымат сурадым. Алмазбек Атамбаев Россияга темир жол аркылуу китеп ташыганын айткан», — дейт ал.

Анын пикиринде Атамбаев бизнести рейдерлик жол менен баштаган. Ал болгону басылмадан 5 гана китеп түрүн бастырып чыгарткан. Атамбаев өзүнүн бизнестеги ийгилиги катары китеп чыгарып, котормолордон түшкөн акчаларын айтып келген болчу.

Булак: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу