КАНАТ ИСАЕВДИН ИШИ УКМКГА ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргызстан фракциясынын депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан маалымдалды..

Башкы прокуратура «Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган» деп күнөөлөп кылмыш ишин козгогон. 2016-жылдын 10-ноябрында бул кылмыш ишин тергөө кайра жандандырылган.

“Атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүнү колго алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы айтылып келет. Учурда тергөө иштери кайра жанданганын ”, — жогоруда айтылган мекемеден билдиришкен.

Ал эми Канат Исаев, ага карата козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз деп баалап, аны айыптоого негиз жок экендигин билдирген.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу