Канат Исаевдин иши Бабановго такалабы?

Канат Исаевдин камакка алынышынан кийин эки тарап тең катуу аракеттерди көрүп аткандары байкалбай койбойт. Күч колдончу органдар болсо депутаттын жөндөн-жөн камалбагандыгын, анын күнөөсүн далилдей турган материалдар бар экенин жарыялап жиберишти. Экинчи тарабы болсо бул саясий өңүттөн алынган маселе дешүүдө. Исаевди коргоо үчүн, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев башында турган коргоо комитетин дагы түзүп жиберишти. Адвокаттары болсо эч кандай андай бийликти басып алуу аракети, же ал тууралуу сөз дагы болгон эмес деп далилдөөгө далалаттанышууда. Айрым бир басылмалар болсо маселенин учу акыры барып Бабановго такалбайбы деп да жиберишти. Алардын ою боюнча эгер чындап эле бийликти басып алуу акциялары башталса, ал бабанов үчүн ждасалат да, анан кантип эле Президенттике негизги талапкердин бири бул жөнүндө билбей калсын деген ойду кылтыйтышууда. Айтор маселе өтө чиеленишти да калды. Эгерде Исаевдин күнөөсү чындап эле далилденип кетсе, бул жагдай Бабановго кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу