Камчыбек Ташиев: “Баткендеги чек ара маселесине президент Сооронбай Жээнбеков өзү сүйлөшүү жүргүзүү керек”

13-14-мартта Баткен облусуна караштуу Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында тажик тараптан эки жаран каза тапкандыгы жана кыргыз тараптан 10 чакты жаран жабыр тарткан.

Чыр башталгандан кийин мамлекеттик тийиштүү кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары Баткендеги чек ара маселеси боюнча расмий эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Таку ушул таптарда жаңжал чыккан жерде эки мамлекеттин ортосундагы расмий бийликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүп жаткандыгы кабарланды.

Белгилей кетсек, жаңжалдан кийин Ош-Баткен-Исфана жолун тажик тарап, кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду бөгөп коюшкан. Бүгүн, 16-мартта Баткен-Исфана аба каттамы ишке киришкен.

Тажик-кыргыз жаңжалынан кийин жолго аттанган мурдагы депутат, саясатчы Камчыбек Ташиев Ак-Сайдагы жергиликтүү калктын абалын NazarNews маалымат агенттигене төмөнкүчө билдирди.

—Баткендеги кырдаал боюнча айта турган болсом, Баткенге барып келдим. Ак-Сай жана Көк-Таш айылында жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрдүм. Элдин ал-ахыбалын сурап, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошол эле мезгилде калкка дем-күч берип, биздин элибизди-жерибизди, чек арабыздын кол тийгис экендигин белгилеп келдим. Мен ал жерге барганда биздин элдин эки орчундуу көйгөйүн көрдүм. Биринчи проблема ошол жердеги жашаган элдин, элге болгон бүгүнкү күндөгү эле эмес, ушуга чейинки деле бийликтин бийликте иштегендердин мамилеси. Элдин иштейин десе иштегенге иши жок, же болбосо шарт жок. Түздөн-түз айтыш керек мамлекет тарабынан ошол биздин элдин эң алыскы жайда чек арада элдердин унутта калгандыгы болуп жатат. Бул чоң –көйгөй.

Экинчиси, бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды жайгаштыруу үчүн Өкмөт тарабынан мамлекеттик ушул  бийлик тарабынан жөнөтүлгөн адамдарга элдин бийликке болгон ишеничинин жоктугу. Ушул проблема экен. Кайсыл жерге барбайын эл ушул маселелрди көтөрүп жатат. Бүгүнкү күндө ачык айтыш керек жергиликтүү калктын абалы оор. Кырдаал жакшы эмес. Чыр чыккандан бери чек ара ачылган жок, жабык турат. Бул маселени эки тарап тең үч күндөн бери сүйлөшүү жүргүзүп жатат, бирок  эч кандай жыйынтык жок. Демек, ошол жерге барган аткаминерлердин бул сүйлөшүүлөрдү жакшы жакка чечкенине элдин көзү жетпей жатат да. Мамлекет тарабынан жөнөтүлгөн өкүлдөрдүн эл арасындагы кадыр-баркынын жоктугу ошол жердеги сүйлөшүүлөргө өтө чоң кедергисин тийгизип жатат. — Эмне кылыш керек? — Мен ойлоймун, президент өзү киришиши керек. Президент өзү киришип, ошол жерге мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала турган элдин ишенимине кире ала турган жана көйгөйлөрдү түшүнө ала турган адамдарды жөнөтүп чечиши керек, — деди Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу