Камчыбек Жолдошбаев уялып эмес боор ооруп айтып

Эч кимди бир жерине кысып койбогон бир депутат бар. Анын чаржайыт ойлору көп учурда өзүнө каршы иштеп коёт. А бирок терең чумкуп көрсөң айткан кебинде чындык жатат. Мейли, Аскар Салымбеков, анын көрөр көзү, Төрөбаев боюнча айткандары саали аша чаап кеткендей. Аны жымсалдап койсо жым дей түшмөк. Тилекке каршы Какемдин орой айтылган сөздөрүн неге жазарман ошол калыбында бергени боюнча башка ой жооруса болот. Эгерде ичин кыжаалат кылган маселе жок болгондо жалпак тилге салып, окумдуу кылып, дарбытпай коюга дарамети жетмек.

Ал эми жөө жүрүп коомдук транспорттун кызматына көз каранды болгон айрым капчыгы жука депутаттар тууралуу айтканы боюнча ар кандай пикир жаралды. Камчыбек Жолдошбаев ошол ойун оң багытка тууралап айта алганда эч ким кың демек эмес. Негизи эмне үчүн эл өкүлү жөө жүрүшү керек? Кандайча аларга сатылып алынган унаалар башка чиновниктерге таркатылып берилди? Буга “Республикачылардын” салымы зор болгон. Ошолор кыйын болуп маселе көтөрүп жиберишкен.

Мунун кесепети байлыгы жок депутаттарга тийбедиби? Ошол эле К.Орозова, А.Касымалиева, Самигулина унаасы жок үчүн жөө жүрүшөт да? Болбосо булар деле чалкалап жумушка, жолугушууларга машине минип бармак. Ушуну теңчилдик деп саноого болобу? Жок. Азыр унаа берем десе алар каршы болушпайт. Анткени булар алыска барарда кыйналып жатканын деле кыйытышты го?

Ошондуктан Камчыбек Жолдошбаев уялып эмес боор ооруп айткандагы кербези. Болгону сай-сөөккө жеткидей кылып айталбай бозала болуп жатпайбы. Балык депутат болгондон көрө кээде ушинтип ачыгын билдирген депутат деле керектир? Баары эле Капашовичтей, Жанардай, Рыскелдидей кооздоп, угумдуу кылып сүйлөй албайт да? Анда парламент театрга айланып кетпейби, ботом!

Ж.Түзайтар

Булак: «Ачык сөз» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу