Камалган генералдардын кимиси катуу чайналды?

Кыргызстанда жоокеринен генералы көп экендиги талашсыз. Кээ бир генералдарды капыстан той-тамашадан жолуктуруп калсаң таң калбай кое албайсың. Деги бул генерал каякта жүргөн деп оозуң ачылары шек жаратпайт. Бирок, ошондой анча таанымал эмес лампастуу шым кийгенге татыктуу болгондор батынып мактана алышпайт. Себеби, алар “крышасы” аркылуу чоң жылдызды тагынууга “муктаж” болушкан.

Эң биринчилерден болуп камалган Феликс Куловдун башына “көлөкө” түшүрүш үчүн тунгуч президент Аскар Акаев катуу аракет кылган. Антпесе ошол кездеги темир генерал академиктин айласын кетирип, колунан токочун алып коймок. Ажонун кеңешчилери андайга жол бербеш үчүн Куловду түрмөгө салууну көздөшүп, акыры максатын ишке ашырышкан. Капыстан элдин жаалы кайнап, Акаевди качууга мажбурлады. Ошондо гана камактагы Феликске “күн тийип” заматта ооматы өйдөлөп премьер министрлик тактыга отуруп калган. Албетте, тараза өзүнө ооп турганда юридикалык кагаздарын ирээтке салып алууга жетишип, эми таптаза генерал болуп жүрөт. Эгерде бийлик көңтөрүлбөсө “зэктер” менен көпкө алака жасамак. Бакиевдин убагында камакка түшкөн генерал Исмаил Исаковдун багын да экинчи жолку төңкөрүш ачканын билебиз. Ал деле куржалак калбай, алгач Роза Отунбаеванын деми менен коргоо министри болгон. Андан кийин депутаттык мандатка арзыган. Учурда бош жүргөнү менен башчылардын көз алдында салабаттуу баскан кези.

Орто Азия чөлкөмүндө бир гана кыргыз өлкөсүндө ыңкылаптар отун жандырды. Курманбек Салиевичтин күлү менен чыгып, оту менен кирген генералдарды сот жөн койбой кесип жиберди. Ошол “үйүргө” Бактыбек Калыев, Элмырза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Мурат Суталиновдор топтолуп, соттолгону боюнча маалыматты жамы журт билет. Соттолгондордун ичинен айрыкча Мурат Суталиновго оор болду. Ал айыкпас дартка чалдыкканынан улам акыры азаттыкка чыкты. Алтымышка карай зуулдаган Мукеңдин азыр ден-соолугу жайында эмес, аны ордуна келтирүүгө көп убакыт талап кылынат. Антсе да коомчулуктун пикирине каршы туралбаган сот жыйынтыгында санаага малынып турган Суталиновду бошотту. Ошондо генералдык чинди илгери алган атасы Абдыбектин көзүнө жаш кылгырды. Көрсө азапка малынган генерал деле жашып кетет экен бул турмушта. Ал эми азаттыкка чыккан Мурат мырза элден дагы бир ирет кечирим сурады. Апаатка каршы туралбаганын моюндады. Эң өкүнүчтүүсү- кыргыз эли өзгөнү эмес өзүн атканы, болгондо да кырчындай өмүргө кесепети тийгени, күнөөлүү болуп жоокерлер, аскер кызматкерлери, генералдар кесилгенин нормалдуу көрүнүш деп эсептөөгө болбостур? Ошондуктан мындан кийин аянтка чыккандарга ок атпоону күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери эсине бекем түйүшү кажет. Өткөндөрдөн сабак алсак жаман иштерге жол берилбейт.

Булак: “Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу