Калыкбек неге көрүнбөйт?

Бир кезде аттан түшпөй келаткан кишинин көрүнбөй кеткенине кабатыр болот экенсиң. Кеткен президенттин убагында дайыма чоңдордун арасында салабаттуу жүргөн Калыкбек Султановдун ыргыткан чүкөсү айкүр тура бергенине кээ бир үлкөндөрдүн ичи таарып турчу эле. Жол министри, ажонун кеңешчиси катары таанылган бул мырзанын курулуш тармагында да таасири бар болгонун кантип танмакпыз?
Ал эми мурдагы жылкы шайлоодо болсо азыркы президентке колдон келген жардамын аяган эмес. Кочкордук жердештеринин көйгөйлөрүн да тез арада чечип берүүгө дилин төшөп турганына жетине албагандар арбын. Тилекке каршы анын илебин суутуга аракет кылгандар чамасы “токочун” алып туруп көзгө илешпей алыста жүрө тур деп коюшкандай сезим калтырат. Болбосо эл арасында калдайып басып жүрмөк да. Эмнеси болсо да колу ачык, элдин тилегин аткаруудан кайра тартпаган жигиттин бири деп эсептейбиз.

Булак:Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу