Кайын энем: «Мен да күйөөмдүн байпагын жуугам, сен да жууйсуң!»

Күйөөсүнүн байпагын жуугусу келбегенин айтып редакциябызга кайрылган келиндин баяны.

23 жаштамын. Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Кайын журтум менен бирге турабыз. Күйөөм карапайым үй-бүлөнүн баласы (өзүм бардар үй-бүлөнүн кызымын). Мен үчүн бул маанилүү эмес, себеби аны сүйөм. 

Үйдө кир жуучу машина жок. Кирлерди колго жууйм. Айтайын дегеним, күйөөмдүн, кайын энемдин, ага кошуп кайын атамдын байпактарын, ич кийимдерин жууй берип тажадым. Жийиркенип, кускум келет.

Бир жолу күйөөмө «байпагыңды өзүң жуу»,- деп жатсам, кайын энем угуп калыптыр. Жаныма келип, «Эч нерсе болбойт, мен да убагында кайын атаңдын байпагын жуугам, сен да күйөөңдүн байпагын жууйсуң!», — деди.

Аларды таарынткым келбейт. Бирок, «Ич кийимиңерди өзүңөр жуугула»,- деп кантип айтсам болот? Кеңеш бериңизчи.

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум! Турмушка чыккандан кийин өзүнүн жоопкерчиликтери бар келинге айланасың.

Салтыбызга, менталитетибизге ылайык — үй иштерин келин кылат. Жасагың келбесе уруш-талаш болот, кээде ажырашууга чейин жетиши мүмкүн. Көптөгөн үй-бүлөлөр ушинтип бузулат.

Кайын энең тил алган келин алгысы келип, күйөөңдү оолуктура баштайт.

Сен иштейсиңби же жокпу жазбапсың. Эгер үйдө олтурсаң, башка үй-бүлө мүчөлөрү иштесе, албетте, бардык милдет сага жүктөлөт. Иштесең, жардам керек болуп жатканын айтып, сүйлөшүүгө аракет кылып көр.

Айтканыңдай болобу же жокпу, кайын энеңден көз каранды. Үйдүн кожейкеси ал, өзүнүн мыйзамдары бар, силер анын үйүндө жашап жатасыңар. Күйөөңдүн ата-энеси менен жашаганга макул болгондон кийин, кайын энеңдин лидерлик ролуна да макул болосуң.

Кайын энеңди өзгөртө албайсың. 

Эмне кылуу керек? Насыяга кир жуучу машина сатып алуу сунушун киргиз. Же сенин туугандарың сатып беришсин, биринчи кезекте ал сага керек. Анан ич кийимдерди, байпактарды кир жуучу машинага салып коесуң.

Акырындык менен өзгөрүү болот деп ишенем.

Салт-санаалар жакшы, бирок 21-кылымга ылайыкташы керек. 

Сага ийгилик каалайм!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу