Кайын журттумду теңсинбей каргышка калдым…

Бул окуя жашоодо болгон. Болгондо дагы аягы жакында эле аяктады.

Айткандай ар бир ата менен эне бала үчүн эмнени гана кылбайт жана эмнеге гана барбайт.

Мансур карыя жалгыз уулу Айдарга колунда бар байдын сулуу кызына куда түшүп, калыңды очойто берип, өзүнүн кадырын салып алып берет. Айтылган кеп бар эмеспи “ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” деген. Ансыңары кээ бир кишилер байдын кыздарын алганга аракет кылышат, “жакшы жердин кызы” деп. “Кашык кармаса хандын кызынын колу жооруйт” дегендей, бардар жашоодо кыйналбай жашаган кыздар турмушка чыкканда, кандай кыз экени билинип калары да анык. Ооба, “баатырлар анан ашыкча сулуу аялдар энөө болот” деп айтылат. Энөө деген кепти да азыркы жаңы киргиздер түшүнбөй калышы мүмкүн. “Энөө” деп эч нерсени байкабаган жана өзүнүн гана оюн туура көргөн кишини айтат. Баатырлар билегиндеги күчүнө ишенсе, сулуу аялдар өңүнө ишенип, алданып же жашоосунан жаңылып келген.

Акбилек да өзүнүн ашыкча сулуу турпатын жогору тутуп, тийген күйөөсүн бир топко теңине алайт. Андан дагы карылыкка баш ийип калган кайын атасы менен кайын энесине да кыр көргөзүп, келин болуп келген күндөн баштап эле келген жерине жакпай калат. Мансур карыя келининин келбети эле болбосо ишке жөндөмсүз анан өзүмчүл экенин байкап бармагын тиштеген экен. “Жакшы жердин кызы” деп баласына жакшы ой менен алып берип, эми минтип абдан өкүнүп олтурган кези.

Ооба, Акбилек эртең мене кеч турат, өзү жалгыз тамак ичет, өзү жашаган гана бөлмөнү тазалап кечке күзгүнүн алдынан кетпейт. Карып калган кайын энесинин колу узармак турсун кайра кыскарат.

Барган сайын Акбилектин өнөрү күч алып, такыр карама каршы иштерди жасай баштайт. Акыры Мансур карыянын абдан ачуусу келип, төшөк тартып калган кезде келинин каргайт. Анткени келинин бир төрөгөнү эч кимди көзүнө илбей калган болот.

Малды саттырып кийимди түрлөп кийип, тамакты мүнөздөп ичип, кыскасы бул үйдүн кожонуна айланат.

Кайын атасы көз жашын көлдөтүп ыйлап, баласынын тагдырына ичи ачышат. Кетиртип жиберейин дейт, минтип ортолорунда бала бар.

Ошентип жүрүп абышка менен кемпир да бул жашоо менен кош айтышат. Кайын атасы менен кайын энеси эле жашоосуна тоскоол болуп жаткандай көрүнгөн Акбилектин жашоосу эми такыр башка нукка түшөт. Анткени ырыскы карыя менен кемпирде болучу. Алар кеткени үйдө жетишсиз жашоо башталып, аз өтпөй күйөөсү Айдар дагы кырсыктап каза болуп калып, эки кыз, бир уулун өзү багууга туура келет.

Карылык да билинбей келип, катуу ооруп жатканда өкүнгөн экен. “Кап, мен куруюн, мен кайын атамдын каргышына калган элем, жашоом оң болбой калды” деп. Анткени жалгыз уулу ачкыл сууга жакын болуп кайда жүргөнү менен иши жок. Өлгөндө сөөгү кызынын үйүнөн чыкканы эле учурунда кетирген күнөөнүн кесепети экенин ким тана алат. Эгер кайын атасы менен кайын энесинин батасын алып калган болсо карылыкта мынчалык азапты тартпайт эле. Адам баласы эч качан жаш бойдон турбайт. Ар бир иштин жазасы жана алкышы болот. Андыктан азыркы телефондун азгырыгынан чыга албаган ак кол келиндерге гана сабак болобу деген гана ойдо жазылды.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу