Кайрат Нуртас ырчы Анжеликанын кызына куда түшөм деп…

Баарыбызба белгилүү болгондой кечээ,  1-май Спорт ордосунда казак ырчысы  Кайрат Нуртас үй-бүлөлүк концертин тартууланды. Анда кыргыздын алдынкы ырчылары да концерттин көркүн ачып, элге жакшы маанай тартуулашты. Бул концертте өзүнүн жагымдуу чыгармасын аткарган ырчы Анжелика концерттин бүтүшү менен өздүк баракчасына Кайрат Нуртастын кичиней кызы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Эч кимге барбаган уялчаак кызым Айлин . Кайрат куда түшөбүз десе-түшүнгөнсүп жылмайып коёт»-деп тамаша иретинде билдирүү жазып калтырган. Бул билдирүүгө интернет колдонуучулар сүйүнүү менен карап, «Ий жөжө кыз бактылуу болуп чоңойсун» деген сындуу каалоолорун жазып калтырган.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу