Кайран гана Өмүрбек Текебаев, ошондо эле билген экен…

Президент Алмазбек Атамбаев ИИМди «крысалардан» тазалай албай койгону үчүн Кашкар Жунушалиевди министрликтен кетирип, ишенимдүү кишиси Улан Исраиловду алып келген. Бирок Исраилов Атамбаевдин ишенимин актай алган жок. Кайран гана Өмүрбек Текебаев, ошондо эле билген экен Уландын ууга жарабасын.

Кыйкырып чыкпады беле, «эмне колунан жетелеп иштетесиңерби» – деп. Бишкек шаардык патрулдук милиция башчысы Талант Барпиевдин ишмердүүлүгүн көзөмөлгө ала албай, көз каранды болуп жаткан Исраиловдун өзү андан башкасына өтөбү? Эмне себептен Барпиевдин мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарып, кылмыш ишин козгоого духу жетпей жатат ыя? Же таластык Барпиевдин таасири күчтүүбү?

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу