КАЙРАДАН МИТИНГ…

Бүгүн, 13:00 Ак үйдүн алдына Садыр Жапаровдун бир туугандары митинг өткөрүшөт.  Мындай маалыматты  учурда камакта жаткан экс-депутаттын жакындары айтышты.

“Учурда бийлик Садыр Жапаровду СИЗО-1ден УКМКнын абагына которуу, бир туугандарына кысым көрсөтүүнү токтотушу керек. Буга чейин, Садыр Жапаров жаткан камерада видеокамера бар деп айтышкан. Ошол камерадагы тартылган тасмаларды ачыкка чыгарып, СИЗО-1дин жетекчилигине кылмыш иши козголсун. Мамлекет Садыр Жапаровдун алты санын аман камакка алган, эми тыкыр көзөмөлгө алсын”, — деген талаптарын коюшат.

Булак: asianews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу