Кайнаган суунун пайдасы…

Курбу-курдаштарыңыздын арасында кофе ичүүнүн ордуна, кайнак суу көп ичкендерди байкап эле жүрсөңүз керек. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Кайнаган суунун пайдасы

Кайнаган сууну колдонуунун негизги пайдасы-организмди тазалоо болуп саналат. Суу-ич катуунунун алдын алат, муундардагы жана башка дене мүчөбүздөгү органдардагы ашыкча туздарды айдап чыгарат. Мындан сырткары, бөйрөк жана боордогу шлактарды жана туздарды дагы айдап чыгарат.

Кайнак суу терапиясын ичип баштагандан бир нече күн өткөндөн кийин, муундардын оорусун, бөйрөктүн алсыроосун байкоого болот. Бул нерседен адам коркпошу керек. Анткени, адамдын организминде чоң өзгөрүү болуп жаткандыгын байкоого болот.

Колдонуу тартиби:

-Кайнаган сууну эртең мененки тамакка отуз мүнөт калганда ичүү керек.

-Суу ичүү терапиясын алты ай токтобой улантуу керек. Бул убакытта сиз денеңиздеги ашыкча майлардан арылган, денеңиздин сонун калыпка келгенин, организмдин уулу заттардан тазаланганын болосуз.

-Тамактан кийин дагы кайнак суу ичүү керек.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу