Казынадан канча акча кайда корогон?

Борбордук казынадан корогон каражаттардын эсебин каржы министрлиги коомчулукка жарыяланды. 2019-жылдын 1-кварталында мамлекеттик кызматкерлерге маяна төлөө жана ведомстволорду каржылоого республикалык бюджеттен 26 миллиард 849 миллион 576,6 миң сом сарпталган.

  • бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына — 6 миллиард 459 миллион 931,8 миң сом;
  • калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 2 миллиард 340 миллион 428,6 миң сом;
  • социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 7 миллион 562,8 миң сом;
  • товарларды жана кызматтарды пайдаланууга — 948 миллион 496,3 миң сом;
  • товарларды жана кызматтарды сатып алууга — 85 миллион 560,3 миң сом;
  • коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөгө — 274 миллион 455 миң сом;
  • мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө — 6 миллиард 126 миллион 357,4 миң сом жумшалды.

Ал эми калган каражаттардын чыгашалары корголгон жана корголбогон беренелер боюнча сарпталган.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу