Казак премьери: «Кыргызстан президентинин шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз, чагымчыл жана калп ырастоолору эки өлкөнүн достук жана кызматташтык мамилесине зыян келтирбеши керек»

Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаевдин билдирүүсүндө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 7-октябрдагы сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу туура эмес маалыматтарды айтканы белгиленген.

«Кыргызстан президентинин шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз, чагымчыл жана калп ырастоолору эки өлкөнүн көп кылымдардан бери келе жаткан достук жана кызматташтык мамилесине зыян келтирбеши керек деп ишенем» деген Сагинтаев Казакстандын экономикасы эгемендик жылдары 20 эсеге өскөнүн баса белгилеген.

«Мына ушул ийгиликке жетишүү жылдары Казакстан кыргыз эли менен чогуу болуп, өзгөчө оор кырдаалдарда кыргыз жетекчилигинин өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасады. Социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө колдоп, азык-түлүк баштаган гуманитардык жардамдарын аяган жок. Кыргызстан ЕАЭБге кирерде казак президенти тарабынан 10 млн доллар техникалык жардам берүү чечими кабыл алынган. Гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүнгөн. Ошто жана Бишкекте эки мектеп курулган. Кыргызстандын экономикасына Казакстандан 820 млн доллар акча инвестиция салынган» деп айтылат казак премьер-министринин билдирүүсүндө.

Казакстандын премьер-министри сөзүн «кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин бир нече жолку жагымсыз чабуулдарына карабай, казак өкмөтү мындан ары да Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты активдүү тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү көздөйт» деп жыйынтыктаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда Бишкекте Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда шайлоо өнөктүгү тууралуу да сүйлөп, ага катышып жаткан талапкерлерди жана казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу