Казак президентинин расмий өмүр баянында «ажырашкан» деп жазылды…

Казак президентинин сайтында өткөн жумада кызматка киришкен мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин өмүр баяны жарыяланды. Анда башка маалымат менен катар президенттин ажырашканы да айтылган.

Тимур Токаев деген бир уулу бар деп жазылып, бирок мурдагы аялынын аты-жөнү жана ажырашкан датасы келтирилген эмес.

Президенттин үй-бүлөсү тууралуу маалымат Википедияда да жарыяланып, акыркы өзгөртүү 28-мартта киргизилген. Президенттин басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Токаев кызматка киришип жатканда өмүр баянында аялы Надежда Давыдовна Токаева деп айтылганын бир катар маалымат каражаттары жазышкан. 65 жаштагы президент жогорку билимди Москвада алган.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу