Казакстандын атактуу ырчысы Торегали Торэали журналисттерди коркута баштады

Кечээ, 17-октябрь күнү Казакстандын таанымал ырчысы Торегали Торэали үйлөнүү тоюн өткөргөн. Өзү өткөрүп жаткан салтанатка убактысынан 3 саат кеч келип, келген конокторду көпкө күттүргөн.

Саат 17:00дө башталуучу тойго келген меймандардын баары ырчыны эртерээк көрүүгө шашылып, салтанат ордого Торегали жубайы менен саат 8 ге жакын кирип келген.

Тойдо ырчы журналисттерге болгон орой мамилесин көрсөтүп, “моюнуңарды жулам” деп коркуткан. Анын мындай ачууланышына кээ бир маалымат каражаттарынын “аялы өз кесибин билбейт” деген маалыматты тараткандыгы себеп болгонун айтат журналисттер.

Азыркы учурда, Торегалинин журналисттерге болгон мамилеси казак коомчулугунда кызуу талкууга алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу