Кадыр Маликов эмдөө тууралуу эмне дейт?

Ислам дини динге ишенгендердин эмделүүсүнө тыюу салбайт. Бул тууралуу теолог, аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов маалымат жыйынында айтты. 30-апрелде «Эмдөөдөн баш тартуу эмнеси менен коркунучтуу?» деп аталган темада тегерек үстөл болду.

Маликовдун айтымына караганда, атайын түшүндүрүү иштеринде (фатва) эмдөө боюнча так жана кыска, түшүнүктүү кылып баяндалган.

«Анда маанилүү делген эки шарт бар. Биринчиси – вакцинада мусулмандардын колдоосуна каршы келе турган – компоненттер кездешпеши керек. Экинчиси – вакцинанын курамында тыюу салынган заттар болсо бирок медицина «анын башка жолу жок» деп ишендирген учурда эмдөө алууга уруксат берилет» деди ал.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу