Кадыры жок, кадр кызматы кимге керек?

Эгерде ушул калыпта бул кызмат кармалса анда кимге кереги бар деген суроо жаралат. Чын эле бул кызмат Президентке, Кыргызсганга керек болсо анда анын багытын өзгөртүп, күчтүү кызмат болуш керек эле. Мамлекеттик кадр кызматынын директору Президент тарабынан дайындалат. Ошонусуна эле топук эткен бир топтор, Президент менен жакындаш үчүн эле өзүнүн бар экенин бул жерге кызыкпаса, Кыргызстанга кындай бир жакшылыгын көрө элекпиз. Акыркы жылдары бул мекеме Президенттер тарабынан директорлукка дилгир “азаматтарды” упчу берип сооротуп “сени президент бекитет”- деп, алдап кызмат күттүртө турган “жылуу орунга айланды, Кимдер гана иштебеген. Азыркы Президент Жээнбеков да иштеп, бул жайды ичинен жакшы билет. Атамбаевдин аппарат башчысы Момуналиев Нурканбек да ушул жайыттын кишиси болчу. Секирип барып ак үйдүн алтынчы кабатына жеткен. Кечээги эле Мадумаров да бул жерди башкарып, бары-жогу билинбей, бирок Баткенди жетектемекчи болду. Кадр дегенде, кадырды түшүнөт окшобойбузбу. Болбосо, кызматтан кызматка секирүүдө эмне деген гана иштерди, ийгиликтерди жаратып анан барышы керек эле. Сыягы, алар ушул жерде олтурганы үчүн эле жогорулап турушкан. Бул жер ушундай бирөөнүн “сыйкыр таягы” бар жер окшобойбу. Азыркы учурдагы жетекчилеринин деңгээли деле кубанаарлык эмес. Айтсак, статкатчы Сагынбаев Бакытбек 2007-жылдан бери иштейт. Директорлордун оозунан чыккан сөздү кыңк этпей аткарганы болбосо, өзүнүн позициясы, идеясын эч ким уга элек. Директордун орун басары Алышбаев Калыбек дегени болсо 65 келген пенсионер, эптен күн өткөрүү менен алек. Ал эми Чүй-Бишкек- Талас боюнча аймактык башкармалыктын жетекчиси Өмүрзаков Мыктыбекти болсо жакшы билебиз. “Ата Мекен” партиясынын кадыры менен карк күткөн кадр жетекчиси болуп олтурат. Бир кезде баралынан бак айтып турган Өмүрбек Текебаевди пир тутуп, ким сүйлөсө эле “Өмкенин инисимин” дегенди лакапташтырып алганы, ар кимдин оозунда күлкү катары да айтылып калат. “Ал жерде замы ким?” десе, “Өмүкенин иниси да” дегенге чейин барып калганы эмнени каңкуулаганын өзүңөр элестетип көргүлө. Өзүн мамлекеттик жетекчи экенин унутуп калган Мыктыбек Өмүрзаковдун социалдык баракчасы аркылуу ачык эле Текебаевди жактап, мактап “кумалагына куурай сая албайсыңар” дегенчеликке чейин барганы деле мамлекеттик кадр этикасына жатпаганын эсине алган жан болгон жок. Анан ушул кадр өстүрө турган жайдан, не кырыскыны, не мурасты күтөбүз? Биз жогорүда сөз кылгандай бул мекемени азыркы ажобуз Сооронбай Жээнбеков да башкарып калды. Анын канчалык кадырын көтөргөнүн билбейбиз, бирок билебиз, бул мамлекеттик мекеменин Кыргызстан үчүн орду канчалык экенин ал кишичелик эч ким билбейт. Оңой турган болсо, обу жок оюн менен орсок уй сааган жетекчилерин татыктуу кадрлар менен алмаштырып, аксап турган кадр маселесин чечүүдө туура багытты тандаса тандап, тандабаса жоюп эле, алардын акыйнек айтышып же компьютерде карта ойноп олтурган “оюнчуларынан” арылып, айлыктарын азап чегип, аз айлыкка ар кимдин таманына таш жабышпасын деген кече шыпыргандарга же пол жуугандандарга айлык кылып кошуп беришсе болмок. Ал шордуулардын алганы айлыгы 3 миңден 5 миңге чейин. А көчөдө штраф 3 миңден 15 миңге чейин. Алар жашайбы же жашоодон кечип кетеби? Мына силерге кадрдык жүрүштөр.

Баймырза НАКАЙ

БУЛАК: Факт.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу