Кадыров: Түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик…

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолуп, абактан чыккан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров атайын басма сөз жыйынын өткөрүп, анда камактагы жагдайы, саясий келечеги тууралуу билдирүү жасашты.

Кубанычбек Кадыров алар мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугунун негизинде камакка алынганын белгилеп, эми экс-президенттин өзү камакка алынышы керек экенин айтты:

— Биз ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик. Атамбаев Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, Сүйүнбаев, Исраилов менен чогуу өзү башында турган кылмыштуу топ түзүп, бүт мамлекетти коррупцияга айлантып, өлкөнү өзүнүн менчигиндей башкарды. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Ошондуктан Атамбаевдин орду, ал командасы менен, мен айткан фамилиянын баары камакка алынышы керек. Алар бүгүнкү бийликке саясий оппонент эмес, баары коррупционерлер, — деди Кубанычбек Кадыров.

Бектур Асанов да ушул ойлорду колдой турганын айтып, мындан ары да саясаттан кетпей турганын кошумчалады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана ал жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) бул жөнүндө билдирүү бере элек.

Быйыл Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда 12-февралда эркиндикке чыгарган. (ErN)

БУЛАК:azattyk

Аргумент.kg
Жооп калтыруу