Каденова тууралуу жарыялаган депутат Кореяга өзү эмнеге барганын айтып берди

Эл өкүлүнүн айтымында, ал Зууракан Каденованы учактын ичинде чуу чыкканда гана көргөн.

Учакта чуу салган Зууракан Каденова тууралуу маалыматты социалдык тармакка биринчи болуп тараткан Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Сеул шаарына өзү кандай максатта барганын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Маалыматка караганда, ал Корея ТИМинин алдындагы эл аралык кызматташтык боюнча фондунун чакыруусу менен барган.

«Мен катышкан иш-чара бир жумага созулуп, Улуу Британия, Грузия, Болгария, Эквадор, Конгодон барган депутаттар катышты. Ал жерден миграция, билим берүү, санариптик телеберүүлөр боюнча жакшы сабактарды алдык. Бул иш-чарага мурда Кыргызстандын атынан экс-президент Роза Отунбаева, экс өкмөт башчы Темир Сариев, депутат Дастан Бекешев катышкан экен», — деди Исмаилова.

Өзүнүн айтымында, эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованы учактын ичинде чуу чыкканда гана көргөн.

Эске салсак, депутат буга чейин өзүнүн Facebook баракчасына жогорку кызматта иштеген кыргызстандык мас аялдын айынан каттам кармалып калганын жазган болчу. Кийин учактын ичинде жаңжал салган аял эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова экени белгилүү болгон.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу