Ишке кире элек “КыргызТелеком-Мобайл” жетекчилери 5 миң доллардан маяна алышууда

Өлкө жетекчилери катаал чараларды күчөтпөсө, мамлекетти талап жегендердин аягы тыйылчудай эмес. «КыргызТелеком» ААКсынын туундусу катары түзүлгөн «КТ-Мобайл» мамлекеттик компаниясынын жогорку кызматындагылардын ар бири 5 миң доллардан айлык алышары ачыкка чыкты. Маселен, компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом (5 миң доллар), орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң сом, техникалык директору Николай Дмитриенко 290 миң сом, долбоордун башчысы Руслан Гайдаров 140 миң, роуминг боюнча жетекчи Раушан Белекова 85 миң сом айлык алышат. Бул тизме бир топко барат. Эң эле кызыгы, «КТ-Мобайл» компаниясы жакында мамлекеттик 2-уюлдук оператор болуп түзүлүп, байланыш рыногуна киргени турат. Мейли кирсин, каршылык жок, бирок 2018-жылы түзүлгөн бул компаниянын «Кыргызтелекомго» ири суммадагы карызы бар экенин кайда катабыз? Ошон дой эле компания мамлекетке бир тыйын салык төлөп, киреше киргизе электигине карабай андагы кызматкерлер бюджеттик каражаттан айлык алып, элдин капчыгын кагып жатканын кантип түшүнөбүз? Дагы бир оркойгон нерсени белгилесек, «есоnomist.kg» порталынын быйылкы маалыматы боюнча Кыргызстандагы эң биринчи катардагы карызы көп ишкана болуп «Кыргызтелеком» эсептелет. Жалпы карызы 107 млн. сомдон ашат. Анан эми банкроттук ишканадан мынчалык маяна алуунун өзү акылга сыябы?

Кошумчалай кетерибиз, буга чейин ММКлар «КТ-Мобайлдын» башкы директорунун орун басары Эрназар Рысалиев Салиевичтин учурунда министр болгон Иманкадыр Рысалиевдин уулу экендиги айтылат. Иманкадыр азыркы Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин бажасы экени айтылган. Бул бүт бийликке көлөкө түшүргөн өтө жаман көрүнүш да. Өкмөт тез арада чара көрүп, жеп-ичкичтерди кустурсун.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу