Иши билинбеген Искандаров акыры иштен кетти

Өкмөттө аты бар заты жок, иши бар, жыйынтыгы жок адамдар көп. Ошолордун бири Курбанбай Искандаров эле. Бул адам 2012-жылдан бери өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү (өкмөттүн аппарат башчысынын биринчи орун басарынын рангындагы кызмат) болуп иштеп келди.

7 жылдан бери чек арада далай чыр-чатак болуп, бир нече адамдар өлүп, жүздөгөн адамдар ар кандай жаракат алышты. Бирок маселе чечилбеди. Искандаров иш билги адам катары эл көзүнө илинбеди.

Жылуу, жумшак кабинеттен чыкпаган атка минерлердин бири болуп, чоң айлык менен чокчоюп жүрүп кетти. Эми анын ордуна ким келсе деле, чек ара маселесин чечип жибере албайт. Бирок ошентсе да чечкиндүү жетекчи келсе экен.

Булак: Багыт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу